Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30 – майы № 7/28
Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин суу жана сыркынды суу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин 2017-жылдын 17-апрелиндеги №60 “2017-жылга сугат суу жана сыркынды суу боюнча тарифти бекитип берүү жөнүндө” катын карап, маселени шаардык кеңештин сессиясына сунуштоо боюнча шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча комиссиясынын 2017–жылдын 25–апрелиндеги №9 чечимин жана ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017–жылдын 28–апрелиндеги №4 чечимин жана Европа өнүктүрүү банкы тарабынан коюлган талаптарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин сугат сууга, бюджеттик жана коммуналдык мекемелердин ичүүчү, сыркынды сууларына тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча жана ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |
Макулдашылды» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы кеңешинин мамлекеттик агенттигинин Баткен облустук бөлүмү ________________ Э. К. Мажитов «____»____________20___г. | «Бекитемин» Кызыл-Кыя шаардык төрайымы_________________У.Дарипова «____»____________20___г. |
№
| Кызматтын түрү | Суу | Канализация |
сом | сом | ||
1 | Көчөдөгү колонкадан пайдаланууда суткасына 35 литр ченеминде 1 киши х 35 литр х 30 күн – 1,05 м3 х 6,85 сом/м3 | 7,19 | - |
2 | Короо ичиндеги колонкадан пайдаланууда суткасына 60 литр ченеминде 1 кишиге х 60 литр. х 30 күн - 1,8 м3 х 6,85 сом/м3 | 12,33 | - |
3 | Ваннасы жок суу түтүгү жана канализацияны пайдаланууга суткасына 100 литр х 30 күн – 3 м³х6,85 сом/м3 | 20,55 | 16,95 |
4 | Суу түтүгү жана канализациясы, жылытуучу колонкалары менен суткасына 170 литр х 30 күн = 5,1 м3 х 6,85сом/ м3 | 34,94 | 28,82 |
5 | Суу түтүгү жана канализациясы, ваннасы менен ыссык суу менен камсыз болгондорго суткасына 210 литр х 30 күн=6,3 м3х6,85 сом /м3 | 43,16 | 35,60 |
6 | Жашыл бак-дарактарды сугарууга 1м² х 15л. х 90 күн : 12 ай. = 0,12м³ х8,89 | 1,07 | - |
7 | Калкка 1 м3 үчүн | 6,85 | 6,85 |
8 | Коммуналдык жана бюджеттик мекемелерге1 м3 | 24,06 | 16,63 |
9 | Коммерциялык жана өнөр жай ишканаларына 1 м3
| 56,65 | 49,43 |
«Кызыл-Кыя Сууканал» МИ жетечиси «Кызыл-Кыя Сууканал» МИ башкы эсепчиси | Сатыбалдыев А.А.
Турдубаева Т.К.
|