Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2017-жылдын 06-июлу № 80/14-4
Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча Комиссиясы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэри Н.Б. Келдибековдун 10.05.2017-ж. №838/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 29-июнундагы протоколуна жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча Комиссиясы жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркемеге ылайык).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
| Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 06.07. № 80/14-4 токтому менен бекитилген |
1.1. Токмок ш. курулуш жана жерди пайдалануу боюнча комиссиясы (мындан ары комисссия) өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын, башка укуктук ченемдик актыларынын, Токмок ш. кеңеши тарабынан бекитилген, ушул жобонун негизинде жүргүзөт.
2.1. Токмок ш. мэринин сунушу боюнча комиссиянын курамы Токмок шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2. Комиссиянын төрагасы болуп биринчи вице-мэр же вице-мэр саналат.
2.3. Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусу саналат.
2.4. Комиссиянын курамына төмөнкү органдардын жетекчилери кирет:
- Мамкурулуштун жергиликтүү архитектура органы;
- Мамкаттоонун Токмок-Чүй башкармалыгы;
- Токмок ш. мэриясынын башкы адис-юристи;
- Санитардык эпидемиологиялык кызматы.
2.5. Шаардык кеңештин чечими боюнча комиссиянын курамына 2 депутат киргизилет.
Ошондой эле, комиссиянын курамына 3 киши, коомдук уюмдардын, ишкерлердин жана өнөр жайдын өкүлдөрү киргизилет. Бул топтун өкүлдөрүнүн ичине - Мамкурулуштун жергиликтүү архитектурасынын сунушу боюнча - 1 киши, шаардык кеңештин сунушу боюнча - 2 кишикирет. Комиссиянын жалпы саны – 11 киши.
2.6. Комиссиянын чечими, комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес - кворум бар болсо, жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болсо, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын катчысы Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматчысы болот жана ал анын курамына кирбейт.
3.1. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы, Мамкурулуштун жергиликтүү архитектурасынын, Мамкаттоонун Токмок-Чүй башкармалыгы тарабынан дайындалган материалдардын жана документтердин негизинде жер тилкелерине укук берүү боюнча Токмок ш. мэриясы үчүн сунуштарды даярдайт;
- жер тилкелерине укуктардын түрлөрүн (менчик, ижара), аларды берүү жолун (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт;
- лоттун баштапкы баасынын өлчөмүн же соодалашуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жер тилкелеринин башкы баасын коет;
- соода жүргүзүүнүн уюштуруучусу болот, соодалашуунун жыйынтыгын белгиленген тартипте бекитет;
- белгиленген учурларда жана тартипте, ушул берененин 3-п. аныкталган, Коомдук угууларды өткөрөт;
- Коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча Токмок ш. мэриясы жана шаардык кеңеши үчүн сунуштарды, анын ичинде, атайын макулдашууларды жана Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринен четке чыгууга уруксат берүү жөнүндө сунуштамаларды, курулуш жана жерди пайдалануу маселесине тийиштүү, Токмок ш. мэриясынын чечими боюнча юридикалык жана жеке жактардын аппеляциясы менен байланышкан сотко чейинки талаштарды жөнгө салуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө сунуштарды, ошондой эле жергиликтүү укуктук ченемдик актыларынын долбоорлорун, эрежелерди колдонуу жана ишке ашуусу менен байланышкан башка документтерди даярдоону уюштурат.
3.2. Токмок ш. мэриясы жана шаардык кеңеши комиссиянын сунушу боюнча тиешелүү токтомдорду, буюрмаларды жана башка жергиликтүү ченемдик актыларды кабыл алат.
4.1. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан, комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу камсыздалынат.
Ушул максатта комиссиянын катчысы, ММБнын кызматкери, төмөнкү фунцияларды ишке ашырат:
- комиссиянын кароосуна кабыл алынган документтерди (арыздарды, корутундуларды, баалоо отчетторун жана башкаларды) каттайт, документтердин белгиленген талапка ылайыктыгын текшерет.
- комиссиянын отурумуна тиешелүү документтерди алдын ала иликтейт жана даярдайт;
- комиссиянын отурумунун күн тартибин макулдашат жана тариздейт, комиссиянын мүчөлөрүнө, кызыкдар юридикалык жана жеке жактарга кабарлайт;
- комиссиянын отурумунун протоколун түзөт, белгиленген тартипте тариздейт;
- билдирүүлөрдүн тексттерин, соода жүргүзүү жөнүндө кабарларды, коомдук угууларды даярдайт, комиссиянын төрагасы менен макулдашат.
- жалпыга маалымат каражаттарына билдирүүлөрдү, кабарларды берет;
- соодалашуунун аукциондук (конкурстук) документтерин даярдайт жана комиссиянын мүчөлөрүн жана катышуучуларды алар менен камсыздайт, тиешелүү акыларды жана төлөмдөрдү текшерет;
- соодалашуулардын протоколдорун жүргүзөт, документтерди тариздейт, отурумда катышкан комиссиянын мүчөлөрүн жана соодалашуулардын катышуучуларын протоколго кол койдурат;
- жер тилкелерин сатуу-сатып алуу, ижара келишимдери боюнча Токмок ш. мэриясынын токтомдорунун долбоорлорун даярдайт.
4.2. Комиссия өз отурумдарында чечимдерди кабыл ала алат. Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча отурумдарга кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү жана жеке жактар чакырылат.
4.3. Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурумдар аркылуу жүргүзөт. Отурумдардын жыйынтыктары протокол түрүндө, комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн кол тамгалары менен даярдалат.
4.4. Отурумдардын маалы комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
4.5. Комиссиянын отурумун төрага жүргүзөт, ал жок болгон учурларда,
төраганын орун басары жүргүзөт.
4.6. Эгерде отурумда анын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү болсо, комиссия чечим кабыл ала алат.
4.7. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү жолу менен добуштун көпчүлүгү боюнча кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болсо, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
4.8. Эгерде каралуучу маселе боюнча комиссиянын мүчөсүнүн түз финансылык кызыкчылыгы бар болсо, же арыз ээси менен тууганчылык мамилеси болгон учурларда, комиссиянын чечими менен комиссиянын ал мүчөсү добуш берүүдөн бошотулат.
4.9. Комиссиянын ишмердүүлүгү менен байланышкан комиссиянын отурумдарынын протоколдору жана башка материалдары Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын архивинде сакталат.
5.1. Комиссиянын отурумдарына милдеттүү түрдө комиссиянын бардык мүчөлөрү чакырылат.
5.2. Отурумдун башталышында комиссиянын төрагасынын алдын ала макулдугунун негизинде комиссия өз ишинин регламентин түзөт.