Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2017-жылдын 08-сентябры № 6/7
Кербен шаарынын Курулуш айылындагы Айтмырзаев Мырзавали жашаган көчөгө журналист, жазуучу, акын эмгек ардагери Калбаев Абдимомундун ысмын берүү жөнүндө
«КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 6-сентябрындагы “Кербен шаарынын Курулуш айылындагы Айтмырзаев Мырзавали жашаган көчөгө журналист, жазуучу, акын эмгек ардагери Калбаев Абдимомундун ысым берүү жөнүндө” №11 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарынын Курулуш айылындагы Айтмырзаев Мырзавали жашаган көчөгө Калбаев Абдимомундун ысмы берилсин жана ал көчө “Калбаев Абдимомун атындагы көчө”,- деп аталсын.
2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3.Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө”жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын .
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин
күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |