Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кенешенин 28 - чакырылышынын кезектеги сессиясы
2017-жылдын 21-июну № 28/2-4
«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Чуй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин
Төрага | Усубалиев Э.А. |