ТоктомКүчүндө

Кызыл-Октябрь айылдык Кенешенин 2017-жылдын 21-июнундагы № 28/2-4 ««Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция16.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кенешенин 28 - чакырылышынын кезектеги сессиясы

 

2017-жылдын 21-июну № 28/2-4

«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Чуй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемедеги Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.

2. Ушул токтом жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб- сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин

 

Төрага

Усубалиев Э.А.