Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-февралы № 41
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 жана 329-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жер салыктарынын ставкаларын бекитүү боюнча
Ош облусунун Өзгөн району боюнча мамлекеттик салык кызмат башкармалыгы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.2016-жылдагы № 15 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 жана 329-беренелеринде көрсөтүлгөндөй айыл чарба жерлерин, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыктарынын ставкаларын жана 329-берененин 3-4 бөлүмүндө каралган боюнча талкуулап, Алтын-Булак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айылдык кеңешинин мыйзамда көрсөтүлгөндөй Салык Кодексинин 337 жана 329-беренелеринин 3-4 бөлүмүнө ылайык салык ставкасы 15% өлчөмүндө көтөрүү бекитилсин.
2. 2016-жылдын бюджетине көтөрүлгөн салык боюнча кошумча эсептөө жүргүзүү жагы ФЭБ башчысы Э.Маматовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Алтын-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Саипов |
| Алтын-Булак айылдык Кеңешинин 3-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясынын 2-февраль 2016-жылдагы № 41 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 01.01.2016-жылдагы № 01-3241 сандуу кайрылуусун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 20.01.2016-жыл № 11-185 сандуу кайрылуусунун жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.2016-жыл № 15 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337,339 беренелерине ылайык, Алтын-Булак айылдык Кеңешинин (3-шайланган) кезексиз 13-сессиясынын 2-февраль 2016-жыл № 41 токтомунун негизде төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр бекитилди.
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайрак жана чөп ормо жайгашкан жерлеринин жер салыгынын өлчөмү 2016-жылдын 1-январынан баштап базалык өлчөмү 15% пайызга жогорулатуу менен бекитилди.
Мурунку тариф | Оңдолгон тариф | айырмасы | |||||
| га | ставкасы | сумма | га | бек.ставкасы | Жылдык сумма |
|
Кайрак | 1300 | 62,3 | 84,2 | 1300 | 71,64 | 96,8 | + 12,6 |
Чөп ормо | 955 | 37,70 | 37,4 | 955 | 43,35 | 43,0 | + 5,6 |
Жайыт | 1619 |
|
|
|
|
|
|
Жалпы | - | - | 131,4 | - | - | 139,8 | +18,2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыктарынын өлчөмдөрүн өзгөртүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен жеткизилген жер салыгынын көлөмү 2016-жылга карата 18,2 миң сомго көбөйтүлүп айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө аткарылууга тийиш.
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы: |
Э. Мамытов |