Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 6-марты №64
Ош шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышын, Ош шаарынын 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдарга болжолун, 2017-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга карата кабыл алынган иш планына ылайык Ош шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышын, Ош шаарынын 2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдарга болжолун, 2017-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 2-декабрындагы №1-жана 2017-жылдын 15-февралындагы №4-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2017-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 834 914,1 миң сом, 2018-жылга болжолу 879 739,6 миң сом жана 2019-жылга болжолу 922 071,1 мин сом суммасында №2, №3, №4 жана №5- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3.Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдери «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
4. 2017-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар №6- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардагы тейлөө тармагындагы муниципалдык мекемелерге, атап айтканда «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына, «Ош шамы» гезитинин редакциясына, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына, А.Сүйүмбаев атындагы шаардык стадионуна «Алай» футболдук клубуна жана «Шаардык сүт ашканасы» муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү субсидиялар №7-тиркемеге ылайык каралсын.
6.Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысы үчүн төлөнүүчү компенсацияга субсидия 12 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Бүткүл дүйнөлүк банк, Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкы аркылуу алынган кредиттерди жоюуга 49 600,0 миң сом акча каражаты каралсын.
8. «Ош жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына 20 700,0 миң сом субсидия Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан берилген ссуданы төлөө үчүн каралсын.
9. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардагы мектептердин 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамактануусун уюштуруу (ченеми бир окуучуга 10 сом эсебинде) жана өз убагында камсыз кылуу жагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов) милдеттендирилсин.
10. Шаардагы мектептердин мугалимдеринин жана бала-бакчалардагы тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө женилдиктер үчүн айына бир адамга 300 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №157- токтому менен бекитилген жобонүн 13-пунктуна ылайык Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлерине жеңилдиктерге 150,0 миң сом (бир кызматкерге айына 500 сомдон) каралсын.
12. Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча ар түрдүү иш-чараларына акча каражаты №8-тиркеме ылайык бекитилсин.
13. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2017-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) каржылануусу белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелерине жана башка максаттарга бөлүнгөн акча каражаттарын туура жана так колдонуу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
14. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарын казына системасынан сырткары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
15. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылоолор №9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. 2017-жылдын 1-январына карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 8 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
17. Шаардын 2015-жылдагы бюджети кирешелер боюнча 1 067748,4 миң сом, чыгаша бөлүгү 1 011063,8 миң сом, кирешелердин чыгашалардан 56 684,6 миң сомго ашыкча аткарылуусу жөнүндөгү отчету бекитилсин.
18. Ош шаарынын мэриясына (Кадырбаев А.):
-Ош шаардык автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясынын ишмердүүлүгүн кайрадан карап, автотоктоочу жайларды Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу ижарага берүү шарттарын 2017-жылдын май айына чейин Ош шаардык Кеңешине сунуштоо;
-жергиликтүү бюджеттен мекеме-уюмдарга берилүүчү субсидия түрүндөгү акча каражаттын көлөмүн кыскартуу үчүн муниципалдык мекеме-уюмдардын өздүк кирешелерин көбөйтүү боюнча тиешелүү иш-аракеттерди камсыз кылуу;
-Ош шаарынынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2017-жылдагы титулдук баракчасында каралган акча каражаттарын максаттуу каржылоо;
-Ош шаардык капиталдык курулуш жана шаардык жолдор башкармалыктарынын 2017-жылдагы титулдук баракчаларында курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында так жана толугу менен каржылоо милдеттендирилсин.
19.Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы (Э.Чоюнов), Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы (Н.Орозматов) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы (А.Семетеев) тарабынан 2017-жылдын бюджетинде бекитилген киреше бөлүктөрүн (ар бир түрү боюнча) толугу менен өз убагында сапаттуу аткарылуусу милдеттендирилсин.
20. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
21.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) тапшырылсын.
Төраг | Ж.Ормонов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 6-мартындагы кезектеги VII сессиясынын №64- токтомуна №1-тиркеме |
2017-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолу
№ | Аталышы | Бирдик өлчөмү | 2015-жыл факт | 2016-жыл алдын ала иш жүзүндө | 2017-жыл болжол | Анын ичинде | ||
Январь-март | Январь-июнь | Январ-сентя- брь | ||||||
1 | Региондук дүң продукт
| Млн. сом | 22481,9 | 24842,5 | 27315,7 | - | - | - |
Реалдуу өсүү темпи мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 104,5 | 105,0 | 103,6 | - | - | - | |
2 | Айыл чарбасынын дүң продукциясы | Млн. сом | 832,3 | 923,9 | 929,3 | 122,9 | 264,8 | 721,7 |
Физикалык көлөмдүн индекси мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 105,1 | 100,5 | 101,7 | 102,9 | 102,5 | 101,0 | |
3 | Өнөр-жайдын дүң продукциясы | Млн. сом | 3754,4 | 4126,1 | 4423,9 | - | - | - - |
Физикалык көлөмдүн индекси мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 111,6 | 103,2 | 102,6 | - | - | -
| |
4 | Өнөр-жай продукциясынын көлөмү | Млн. сом | 3364,2 | 3385,5 | 3850,2 | 1100,0 | 1660,0 | 2250,0 |
Физикалык көлөмдүн индекси мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 111,3 | 113,7 | 103,1 | 116,3 | 113,1 | 113,3 | |
5 | Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгарылышы | Млн. сом | 26995,0 | 28804,8 | 31330,4 | - | - | - |
Реалдуу өсүү темпи мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 103,4 | 102,6 | 103,0 | - | - | -
| |
6 | Дүң жана чекене сооданын дүң чыгарылышы, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо | Млн. сом | 10503,9 | 11415,2 | 12717,4 | - | - | -
|
Реалдуу өсүү темпи мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 103,6 | 104,9 | 105,3 | - | - | -
| |
7 | Көрсөтүлгөн рынок кызматтарынын көлөмү | Млн. сом | 45100,0 | 48235,1 | 52320,6 | 10586,5 | 21948,4 | 34845,3 |
Реалдуу өсүү темпи мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 110,2 | 107,5 | 104,8 | 102,9 | 103,2 | 103,6 | |
8 | Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо |
Млн. сом | 37130,7 | 40098,1 | 43179,6 | 8676,5 | 18436,6 | 29296,5 |
Реалдуу өсүү темпи 2015-жылдын тийиштүү мезгилине карата | % | 106,8 | 109,1 | 105,0 | 103,5 | 103,9 | 104,0 | |
9 | Курулуштун дүң продукциясы | Млн. сом | 4476,3 | 4928,6 | 4039,5 | 358,7 | 1580,3 | 2417,6 |
Реалдуу өсүү темпи мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 135,5 | 124,6 | 101,4 | 110,2 | 106,8 | 97,4 | |
10 | Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү | Млн. сом | 3389,2 | 4001,6 | 3665,4 | 288,6 | 1350,7 | 2344,0 |
11 | Жумушчу орун түзүү | адам | 827 | 782
| 883,0 | 85,5 | 151,3 | 308,3
|
12 | Жумушсуздуктун жалпы денгээли | %
| 4,1 | 4,4 | 4,4 | 5,6 | 3,9 | 3,5 |
13 | Орточо айлык эмгек акы
| сом | 11894 | 13812,2 | 14610,0 | 12663,4 | 13352,8 | 13854,8 |
Реалдуу өсүү темпи мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата % менен | % | 110,6 | 106,5 | 99,3 | 99,8 | 101,5 | 101,4 | |
Жетекчи | С.Маматалиева |