Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (төртүнчү чакырылыш)
2017-жылдын 6-марты № 69
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 14-беренесине, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 26-беренесине ылайык жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 6-мартындагы №2-протоколунун негизинде Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин «Мекеним Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Каналиев Бактыбек Эркинович Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын акы алып иштөөчү орун басары болуп шайлансын жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары кызматынан бошотулсун.
2. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ормонов |