Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31 июлу № 42/8-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. №20/4-7 сандуу токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өскөн уулу Калыбайдын 24.07.17-ж. №№05-5/1812, 05-5/1814, 25.07.17-ж. №05-5/1819, 26.07.17-ж. №05-5/1832 чыгыш сандуу каттарындагы маселелер боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, шаардык кеңештин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өскөн уулу Калыбайдын 24.07.17-ж. №№05-5/1812, 05-5/1814, 25.07.17-ж. №05-5/1819, 26.07.17-ж. №05-5/1832 чыгыш сандуу каттарындагы маселелер боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун маалыматтары, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 49-беренесинин 3-пунктунун, 115-беренесинин 2,3,4-пункттарынын талаптарынын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. №20/4-7 сандуу токтомунун №5-тиркемесиндеги шаардык мэриянын социалдык - экономикалык өнүктүрүү программасында, же “Өнүгүү бюджетинде” бекитилген РЕЕСТРдин 7,11-катар номурдагы иш-чаралар боюнча каражаттарга №1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомдон келип чыккан өзгөртүүлөр боюнча бюджеттик мекемелердин тиешелүү беренелерине тактоо (“уточнение”) киргизсин жана каржылоо шаардык кеңештин 27.04.2017-ж. №20/4-7 сандуу токтомунун 5-пункт 5.1.-подпунктунун талабына ылайык жүргүзүүсү сунушталсын.
4. Шаардын мэри И.М.Еркеевге жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловго бул токтомдун талаптары жана андан келип чыккан иш-чаралардын мыйзамдуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесинин талабына ылайык толук жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |
| Тиркеме №1 Кара-Көл шаардык кеңешинин 31.07.2017-жылдагы кезексизVIII сессиясынын №42/8-7 токтому менен токтому менен бекитилди
|
Шаардык кеңештин 27.04.2017-ж. №20/4-7 сандуу токтомундагы "Өнүгүү бюджетинде" бекитилген РЕЕСТРдин 7, 11-катар номурдагы каражатка өзгөртүү киргизилген иш-чаралар. | ||||
К/№ | Мекеменин аталышы | Иш пландын аталышы | Болжолдуу сметтик баалары | Эскертме |
1 | Маданият бөлүмү | "Россия Федерациясындагы жердештердин Кара-Көл шаарында 17-20-август 2017-ж. өтүүчү слетун өткөрүү" иш- чараларына | 597,8 | ШММБнын имаратынын жылуулук жана муздак суу системасын ремонттоого бекитилген 657,8мин сомдун эсебинен |
2 | ШММБ | Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун өткөрүүгө баннер, лозунгдарды даярдоого | 35,0 | |
3 | Мэрия | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун эсебине мүчөлүк акыга | 25,0 | |
Баары: | 657,8 | |||
4 | Дене-тарбия жана спорт бөлүмүнө | Кара-Көл шаардык спорт мектебинин бокс секциясынын машыгуучусу Б.А.Магзымовго Филиппин мамлекетинде өтүүчү Азия чемпионатына катышууга | 65,0 | 2017-2018-жылдын кыш мезгилине кум жана туз сатып алууга бекитилген 660,0мин сомдун эсебинен |
5 | СӨБ | Кара-Көл шаарынын музыкалык мектебинен тарбияланып чыккан Севостьянова Христинага Турция мамлекетине эл аралык музыкалык фестивалга катышып келүүгө | 60,0 | |
Баары: | 120,0 | |||
Жалпы суммасы: | 777,8 | |||