Редакцияот 02.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы (VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 2-марты №16/3

 Кара-Суу шаарындагы Темир-Жолу көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө

 

Кара-Суу шаарынын Темир-Жолу көчөсүнүн тургундарынын арызынын жана Кыргыз Республикасынын “Географилык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу шаарынындагы Темир-Жолу көчөнүн атын Кара-Суу шарынын тургуну, шаардык кенешинин бир нече жолку депутаты, коомдук ишмер “Хакимов Адылжан” атындагы көчөсү деп аталсын.

2. “Хакимов Адылжан” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандруу жакшы абалда кароо жана аты өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Хакимов Адылжандын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Р.Х.Хатамов