Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июлу № 10/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларын таштоочу жайларды аныктап атайын жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-июнундагы “Кыргыз Республикасында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндөгү” № 415 токтомун аткаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 9-мартындагы № 125- буйругун турмушка ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭТКМИнын № 09/166. 15 . 03. 2016-жылдагы катын аткаруу максатында жана Алай районунун аймагында катуу тиричилик таштандыларын таштоочу жайларды аныктап мыйзамдаштыруу жөнүндөгү Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 77 буйругун аткарууга алган Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 55 буйругунун негизинде Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларын таштоочу жайларды аныктап мыйзамдаштыруу максатында жер мыйзамында каралган талаптарга ылайык Курулуш айылынын этегинде пайдаланылбаган 0,04 га жер көрсөтүлүп берилсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында катуу тиричилик таштандыларын таштоочу атайын жайды көрсөтүп, элдерге түшундүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго жана көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Кадыркулов |