Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 27-сентябры №7/4
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2017-жылдын 29-августундагы №3 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча киргизүүгө жана кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдын 6 айында пландан ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен титулдук тизмеге ылайык 2604,5 миң сомду МММБ департаменти аркылуу кошумча каржылоого макулдук берилсин.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдагы планынын ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен титулдук тизмеге ылайык 3177,6 миң сом каржылоого макулдук берилсин. Анын ичинен: шаар мэриясына 12,3 миң сом, шаардык кеңешке 1,9 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнө 183,0 миң сом, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багына 414,0 миң сом, Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына 400,0 миң сом, МММБ департаментине 2166,4 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин. Өзгөн шаар мэриясынын 28241100 “Резервдик фонд” статьясынан 28211100 “Стипендиялар, билим берүүгө стипендиялар жана башка жөлөк пулдар” статьясына 110,5 миң сом жылдырууга макулдук берилсин.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана планды Каржы министрлиги менен тактоо жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |