Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 27-сентябры №7/5
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 707 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн шаардык Аксакалдар кеңеши жөнүндө» жобосу бекитилсин.
2. Аксакалдар кеңешинин сапаттык курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо шаардык кеңештин аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Х. Эргешовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык аксакалдар кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы Жобо
Аксакалдар кеңеши аймактык өз алдынча башкаруу жамаатынын коомдук органынын бир бутагы болуп эсептелет. Ал өз аймагында жашаган бардык аксакалдардын кызыкчылыгын коргоп, аларды социалдык жактан коргоо, кварталдар арасында кадыр-баркын көтөрүүгө жана алардын коомдук тарбиялык иштерге активдүү катышуусуна жетишүүгө чакырат.
Аксакалдар кеңеши элдин биримдигин, достугун чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын, үрп-адат, каада-салтын өнүктүрүүгө, мамлекетибизде жүрүп жаткан саясий-маданий, экономикалык, социалдык жана чарбалык реформаны андан ары тереңдетүүгө, элдин күнүмдүк жашоо турмушун оңдоого, келечек муундарды тарбиялоого, Президентибиздин, Өкмөтүбүздүн саясатын колдоого, аймактын ар бир жашоочусуна багыт берип, аларды активдүү ишке тартат.
Аксакалдар кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 8-главасынын 55-беренесине ылайык түзүлөт.
Аксакалдар кеңешин уюштуруунун тартиби, укуктары жана милдеттери башка коомдук уюмдар, эмгек жамааттары менен болгон мамилеси ушул аксакалдар кеңеши жөнүндөгү жободо аныкталат.
Жобо шаардык кеңеште каралат жана бекитилет.
II Аксакалдар кеңешин уюштуруунун принциптери:
2.1. Аксакалдар кеңеши шаардык аксакалдардын демилгеси менен шаардын жалпы чогулушунда шайланат. Анын курамы 9-13 адамдан түзүлөт, ачык добуш менен шайланат. Аксакалдар кеңешинин курамынан шаардын мэринин сунушу менен кеңештин төрагасы шайланат. Аксакалдар кеңешинин курамынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер анын төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
2.2. Аксакалдар кеңешинин төрагасынын сунушу менен анын орун басары жана катчысы добушка коюлуп, жарымынан көп добушка ээ болгону шайланды деп эсептелет.
2.3. Зарылчылыгына жараша аксакалдар кеңешинин курамын толуктоо, жаңылоо шаардын аксакалдарынын жалпы чогулушунда кеңештин төрагасынын сунушу менен жүргүзүлөт.
2.4. Аксакалдар кеңешинин жогорку органы шаардагы аксакалдардын жалпы жыйыны болуп эсептелет. Чогулуш зарылчылыгына жараша боло берет, бирок бир жылда анын бир ирет болушу шарт.
Аксакалдар кеңешинин жалпы чогулушунда шаардын экономикалык, маданий, социалдык абалына, шаарда жашоочулардын эмгекке, тартипке, тазалык-тарбиялык иштерге, элдин жашоо турмушуна байланыштуу бардык маселе каралат.
2.5. Шаарда жашоочу элдин айрым күндөлүк маселелери аксакалдар кеңешинин олтурумунда каралып чечилет. Олтурум зарылчылыгына жараша өткөрүлө берет, бирок айына бир ирет өткөрүлүүсү шарт.
2.6. Аксакалдар кеңешинин олтурумунун чечимдери сунуш катары кабыл алынат. Шаардын аймагындагы ишкана, мекеме, менчигинин түрүнө карабастан жеке ишканалар анын сунуштарын кароого жана жооп берүүгө милдеттүү.
III Аксакалдар кеңешинин укуктары жана милдеттери:
3.1. Аксакалдар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын, жергиликтүү бийлик органдарынын токтомдорун, буйруктарын, шаардык мэриянын, шаардык кеңештин буйрук, токтомдорун жана ушул жобонун аткарылышын көзөмөлгө алып, аны толук жетекчиликке алуу боюнча шаардын бардык жашоочуларына багыт берип, акыл-насаат иштерин жүргүзөт.
3.2. Аксакалдар кеңеши эмгек ардагерлеринин, майыптарынын кызыкчылыктарын коргоо менен аларга материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүп, ар түрдүү жагдайлар боюнча жардам көрсөтүүлөрдү уюштурат.
3.3. Ардагерлердин кызыкчылыктарын көздөп ар түрдүү кайрылуу талаптар менен шаардагы бардык мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын, чарбалык (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилерине кайрылууга жана анын чечилгендиги тууралуу өз учурунда жооп берүүсүн талап кылат
3.4. Шаардагы ар түрдүү той-тамаша, шаан-шөкөттөрдү, кызды турмушка чыгаруу, баланы үйлөндүрүү, бешик тойлорду, туулган күндөрдү, юбилейлерди белгилөө, маркумдарды акыркы сапарга узатуунун тартибин бекиткен жобого ылайык өткөрүүнү коомчулуктан талап кылат.
3.5. Шаарда жашаган атуулдардын биримдигин, достугун, бири-бирине болгон урмат, сый, назик мамилелерин чыңдоо, өз ара жардамдашуу, ар бир улуттун каада-салтын, үрп-адаттарын урматтоого багыт берип, насаатчылык-тарбиялык иш алып барат.
3.6. Шаардагы ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдү, чыр-чатактарды, талаш-тартыштарды, таарынычтарды күчөтпөсөтн өз учурунда териштирип, жөнгө салат жана жараштырат.
3.7. Ата-энелерди өз балдарын тарбиялоодо өзгөчө көңүл буруусуна, мектепте окуган балдардын окуусуна, дем алуусуна тиешелүү шарттарды түзүп берүүсүнө, мектеп менен байланышын чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Мектептен качып, көчө таптап, мушташып, тамеки тартып, арак ичип, ар түрдүү тоноолорго, уурулукка чаташып жүргөн балдардын ата-энесин олтурумда, шаардын жалпы чогулушунда талкуулап уяткарат, калган ата-энелерди алдын-ала эскертет.
3.8. Шаардын укук тартибин чыңдоого, аракечтикке, уурулукка, тоноочулукка, сойкулукка, ушакчыларга каршы алдын-ала акыл-насаат иштерин жүргүзүүдө, ар бир укук бузуу фактыларын аксакалдар кеңешинин олтурумунда талкуулап, тиешелүү чараларды көрөт.
3.9. Шаардын жаштарынын арасында акыл-насаат иштерин жүргүзүүгө, аларды биримдикке, боорукерликке, өз ара жардашдашуу, достук жана жолдоштук багытта тарбиялоого, жаштарга мээримдүүлүктү, чыдамкайлыкты, эрки күчтүү, бекем мүнөздүү Ата-Мекенди, эли-жерин сүйүүгө, аскердик милдетти чын жүрөктөн өтөөгө тарбиялайт.
3.10. Ишке жарактуулардын бардыгы шаарда өткөрүлүп жаткан ишембиликтерге, арык, каналдарды чабууга, тазалоого, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, көрктөндүрүүгө сөзсүз катышуусун камсыз кылуу боюнча аксакалдар арасында сүйлөшүү аркылуу шаардын мэрине, жетекчилерине көмөк көрсөтөт.
3.11. Ар бир үй ээсинин үйлөрүнүн жанынан өткөн арыктагы сууларга кир, машина, жаман нерселерди жуубоосун, кирдин суусун, мончодон, дааратканалардан чыккан сууну арыктагы сууга агызбоону, химиялык заттарды, шыпырындыларды таштабоосун талап кылат, мындай фактылар кездешсе жалпы жыйынга салып уяткарат.
3.12. Ар бир үй ээсинин өз үйлөрүн өз учурунда иретке келтирип, шыбап, актап, эшик терезелерин сырдап турууга, бак-дарактарды олтургузуп, жолдордун чуңкурларына шагыл төгүп, суу сээп, шыпырып тазалоосун жана анын аткарылышына көзөмөлдүк кылып турат.
3.13. Көчөнүн аймагында жашаган ар бир үй-бүлө өздөрү жашаган үйдүн тушундагы электр мамычасына түнкү чырак орнотуп, түн ичинде жарык берүүнү камсыз кылуусун көзөмөлдөйт.
3.14. Ар бир үй-бүлө көчөгө чөп, көң, кык, топурак, шагыл, кум, таш, кирпич жана башка курулуш материалдарын ташып келип түшүрсө 3 күндүн ичинде жолдон ташып киргизип, өз жайына жайгаштыруусун талап кылуу, аткарбагандарды кеңештин олтурумунда талкуулап уяткарат.
3.15. Аксакалдар кеңеши жободо көрсөтүлгөн милдеттерден башка турмуш агымынан келип чыккан учурдун талабына ылайык шаардык мэриянын, шаардык кеңештин айрым тапшырмаларын элге жеткирип, анын аткарылышын талап кылып, көзөмөлдүк жүргүзөт.
IV Аксакалдар кеңешинин шаардагы ишкана, мекеме, чарбалар, коомдук уюмдар менен мамилеси:
4.1. Аксакалдар кеңеши шаардык мэриянын жетекчилиги менен иш алып барат.
4.2. Аксакалдар кеңеши шаардагы мекеме уюмдар, ишкана, чарбалар менен мамилеси Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 8-главасынын 55-беренесине ылайык жана ушул жободо аныкталган милдеттерди аткаруу боюнча өз ара сүйлөшүү, макулдашуу аркылуу бир багытта иш алып барат.
4.3. Шаарда «/лгүлүү үй», «/лгүлүү үй-бүлө», «/лгүлүү маала» жана «Ардактуу атуул» сыяктуу өткөрүлүп жаткан тандоо иштерине катышат, көзөмөлдүк жүргүзөт. Аткарылган иштердин жыйынтыгын кеңештин олтурумунда талкуулап, кароо-сынактын жеңүүчүлөрү жөнүндө чечимди шаардык мэрияга жана шаардык кеңешке сунуштайт.
Демилгечи- Өзгөн шаардык ардагерлер кеңешинин уюмдаштыруучуларынан атынан | Х. Эргешов |
Шаардык аксакалдар кеңешинин сапаттык курамы
22.09.2017-жылга
№ | Ф.А. | Туулган жылы | Билими, кызматы | Жашаган дареги | Кеңештеги функционалдык милдети | Эскертүү |
1 | Эргешев Хабибула | 1947 | Жогорку, пенсионер | Жаңы-Турмуш кварталы, Чапаев к.-101 | Кеңештин төрагасы | 0552 10 08 11 |
2 | Исанбаев Абдулхамид | 1955 | Орто, жеке ишкер | Кайрагач кварталы, Сельская к.-17 | кеңештин төрагасынын орун басары | 0552 21 91 21 |
3 | Абдумоминов Абдукаим | 1943 | Орто, Төмөнкү Өзгөн аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы | Гүзар | кеңештин мүчөсү |
|
4 | Хабибуллаев Иноятилло | 1955 | Жогорку, Жогорку Өзгөн аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы | Улукбек, Улукбек к.-14 | кеңештин мүчөсү | 0555 83 77 40 |
5 | Садыков Ахмаджон | 1946 | Орто, пенсионер | Шарк кварталы, Кузнецова к.-22 | кеңештин мүчөсү | 0553 41 49 25 |
6 | Иминов Заиджан | 1961 | Атайын орто, шаардык мэриянын башкы адиси | /ч-Дөбө | кеңештин мүчөсү | 0555 87 13 74 |
7 | Мирзарахимов Тахиржан | 1957 | Орто, жеке ишкер | Улукбек, Нариман к.-10 | кеңештин мүчөсү | 0557 08 56 06 |
8 | Таңырыков Шакир | 1954 | Орто, пенсионер | Жаңы-Өзгөн кварталы, Лесная к. | кеңештин мүчөсү | 0770 30 00 59 |
9 | Исмаилов Сотволди | 1947 | Атайын орто, пенсионер | Мажирим-Тал кварталы, П.Хайдаров к.-14 | кеңештин мүчөсү | 0777 82 90 75 |
10 | Токсонбаев Мирзажан | 1958 | Атайын орто, Таштак кварталдык комитетинин төрагасы | Таштак кварталы, | кеңештин мүчөсү | 0557 21 72 41 |
11 | Примбердиева Галина Турдиевна | 1938 | Жогорку, пенсионер | Жаңы-Турмуш кварталы, Ленин к. | кеңештин мүчөсү | 0779 11 22 78 |
12 | Ураимжанова Тажикан | 1940 | Жогорку, Улукбек кварталынын аялдар кеңешинин төрайымы | Улукбек кварталы | кеңештин мүчөсү |
|
13 | Любченко Виталий | 1947 | Атайын орто, пенсионер | Жаңы-Турмуш кварталы, Бегельдинов к.-6 | кеңештин мүчөсү | 0550 10 25 70 |
Мэриянын башкы адиси | Г.Сулайманова |