Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы (V чакырылышы)
2016-жылдын 29-апрели №98
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчилике алып, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы М.Абдыллаевдин билдирүүсүн талкуулап Зергер айылдык Кеёешинин кезектеги 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын
2. Зергер жайыт комитетинин 2016-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 444235 сомго,чыгашасы 444235 миӊ сомго бекитилсин. (тиркеме №1, №2,№3)
3. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 3554 га ички,3789 га ортонку жана 5022 га алыскы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
· Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар үчүн:
- Кара мал жана топоз (чоӊ) бир башына – 65 сом.
- Кара-мал жана топоз (жаш) бир башына – 45 сом.
- Кой, эчкинин бир башына –13 сом.
- Жылкы, эшек, төөнүн бир башына –65 сом.
· Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
- Кара мал жана топоз (чоӊ) бир башына -130 сом.
- Кара-мал жана топоз (жаш) бир башына - 90 сом.
- Кой жана эчки бир башына - 26 сом.
- Жылкы, эшек жана тоо бир башына – 130 сом.
4. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатта (арычылык, анчылык жана туризм максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.
5. Зергер жайыт комитетинде пайдалануудагы жайыт жерлердин 120000 миӊ сом жер салыгы жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Зергер жайыт комитетинин төрагасы Абдуллаев Муктаралиге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |
Зергер айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы М.Абдуллаедин Зергер жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иштери жана 2016-жылга милдеттери жөнүндө берген билдирүүсү.
Урматтуу айылдык кенештин депутаттары! Бугунку сессиянын катышуучулары!
Зергер айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жылда аткарган иштерине жана финансылык каражаттарына кенири токтолуп кетсем, 2015-жылдын башында айылдык кенештин отурумунда (сессиясында) сиздер
2015-жылга бекитип берген 360005 сом бюджети толугу жана ашыгы менен 370690-сомго аткардык.Бул сиздер бекитип берген бюджетти аткарууда планды толтурууда,бир топ кыйынчылыктарды алып келди, Керек болсо эмгек акыбызды албай иштегенге туура келди,кандай болбосун бекитилген планды 104% аткардык.
- Ал эми аткарылган иштер боюнча токтолуп кетсем . Биз жайыт камитети 2015-жылдын жер налогун, 50000 сом Зергер айыл окумотун бюджетине которуп бердик.Ишканадан камсыздантыруучу толомдорго (соц фонд) 30240 сом,эмгек акы 110295 сом бердик.
Ал эми жайыттын инфраструктур сын ондоо учун
-АлыскыТегерек жайлосунун жолдорун калыбына келтируу жана техника каражаттарын жеткеруу 50605-сомго (элуу мин алты жуз беш)сомго жолго сарпталды.Анын ичинен 2 дана труба 8000 сомго алынып суу каптаган жерлерге койулду.
-Жакынкы Стришка,Морчо , Ак-булак, Кен-Жайыт, Жалпак –Таш жолдордун суруп тегиздоо учун 74470 сом сарпталды,
-Тегерек жайлоосунда 9-июль куну Озгон району боюнча 6 айлык чоон жыйын болуп отту. Жыйында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы,кызматкерлери жана Өзгон райондук мекеме уюмдадын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары катышты.Ошол жыйынга 20000 сом (жыйырма мин) сом акча каражаты берилип иштетилди.Ошол эле Тегерек жайлообуздун территориясына киргендигине байланыштуу бала бакча уюштурулуп, 1 тарбиячы даярдалып тарбиячыга 2 айлык 10000 (он мин) сом эмгек акы толонуп берилди.
Ошондой эле мындан сырткары
-Концтоварга 5080 сом
-транспорт чыгымына 20000 сом иштетилди.
2015-жылга жалпы иштетилген каражат чыгымына 370690 сом жумшалды.
-Урматтуу депутаттар жана сессиянын катышуучулары 2015-жылы жыл башында каралган киреше жана чыгаша толугу менен аткарылды.
Салам-Алик айыл окмоту менен талаш,Корумду жайлосуна бир канча жолу барып, талаш жерди чечип келдик .Андан бөлөк Тегерек,Чаар-таш жайлолорунда чечилбей турган жерлер бар ошол чечилбей келе жаткан жайлоолорду чечкенге ушул жылы аракет кылабыз.Ал эми 2016-жылга аткарыла турган иштерге токтолуп кетсем
Жайыттын инфраструктурасын ондоо учун ушул жылы Шамалды- кыр,Айрылма ,Торпу-сай жайлоолорун калыбына келтиребиз.
Кудай буйурса бул жылы АРИС программасы менен иштешебиз.АРИС праграммасы менен аткара турган жумуштарыбыз -2 раскол, Жаны-АйылТосой айылына. 1 булак,Кутурган айылына Коргон-Тош булагын жасайбиз, Малдарды жасалма жол менен уруктантыруу пункту Жаны-Айыл айылындагы эски ветсервиздин сарайынын жанына курабыз.
Ошондой эле ушул праграмма менен Эшек- Олду, Эчки тал ,Супа жолдорун ондойбуз деп пландаштырып жатабыз.
- Урматтуу депуттатар!Ушул жогорудагы каралган бюджетибизди бир добуштан колдоп берсениздер бардык каралган жумуштарды аткарабыз.
Зергер айылдык Кеӊешинин (5-чакырылыш)
КЕЗЕКТЕГИ 23-СЕССИЯСЫНЫН
№ 98 ТОКТОМУНУН № 1 ТИРКЕМЕСИ
Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (жайыт комитетинин ) 2016-жылга
БЮДЖЕТИ
А)Жайыт комитетинин киреше булагы
№ | Малдын туру | Малдын саны (баш) | Которуу коэф | Шарттуу баш | Бир шартуу баштын төлөмү | Малдын башына төлөму | Жалпы сумма мал башына | Жалпы сумма |
1 | Кара мал чөё | 2085 | 1 | 2085 | 65,0 | 65 | 135525 | 135525 |
2 | Кара мал кич | 925 | 07 | 647 | 65,0 | 45 | 41625 | 41625 |
3 | Жылкы | 1269 | 1 | 1269 | 65,0 | 65 | 82485 | 82485 |
4 | Кой эчки | 14200 | 02 | 2840 |
| 13 | 184600 | 184600 |
| Жалпы |
|
| 6841 | 65,00 |
| 444235 | 444235 |
Зергер жайыт камитетинин төрагасы | М.Абдыллаев |
Зергер айылдык Кенешинин (5-чакырылышы)
КЕЗЕКТЕГИ 23-СЕССИЯСЫНЫН
№ 98 ТОКТОМУНУН № 2 ТИРКЕМЕСИ
Ош облусунун Өзгѳн районундагы Зергер Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (жайыт комитетинин ) 2016-жылга
БЮДЖЕТИ
Б) ЖАЙЫТ КОМИТЕТИНИН ЧЫГЫМДАРЫ
1 | Эмгек акы | 2 | 14 | 126000 |
2 | Ишканадан камсыздантыруучу толомдор 17,25% |
|
| 21735 |
3 | Башка чыгымдар: камандировка, телефон жана концелярдык чыгымдар куйуучу май. |
|
| 40000 |
4 | Жайыттын инфраструктурасын ондоо учун. |
|
| 128500 |
5 | Райондук жайыт ассоцациясы учун толом. |
|
| 8000 |
6 | Жайыт камитетинин резервдик фонду |
|
|
|
7 | Жер салыгы. |
|
| 120000 |
| ЖАЛПЫ |
|
| 444235 |
Зергер жайыт камитетинин төрагасы | М.Абдыллаев |
Зергер айылдык Кеӊешинин (5-чакырылыш)
КЕЗЕКТЕГИ 23-СЕССИЯСЫНЫН
№ 98 ТОКТОМУНУН № 3 ТИРКЕМЕСИ
Ош облустунун Өзгөн районундагы Зергер Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (жайыт камитетинин ) 2016-жылга
СМЕТАСЫ
№ | Чыгымдардын аталышы | статья | Жалпы 2016-жыл үчүн | Квартал | |||
1 | 2 | 3 | 4 | ||||
| Эмгек акы |
| 126000 |
| 40000 | 46000 | 40000 |
| Соц фонд ишканадан камсыздандыруучу толомдор 17,25% |
| 21735 |
|
| 3095 | 18640 |
| Башка чыгымдар: КОМАНДИРОВКА ,ЖБ |
| 35000 |
| 10000 | 15000 | 10000 |
| Телефон жана концилардык чыгымдар |
| 5000 |
| 2000 | 1500 | 1500 |
| Жайыттын инфраструктурасын ондоо учун. |
| 128500 |
| 70000 | 58500 |
|
| Райондук жайыт ассоцациясы учун толом. |
| 8000 |
|
|
| 8000 |
| Жер салыгы. |
| 120000 |
|
| 75000 | 45000 |
| ЖАЛПЫ: |
| 444235 |
| 122000 | 199095 | 123140 |
Зергер жайыт камитетинин төрагасы | М.Абдыллаев |