Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы (V чакырылышы)
2016-жылдын 29-апрели №100
Зергер айыл өкмөтүнүн «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин «АРИС» программасы боюнча 2016-жылдын 12-апрелиндеги №1 протоколдук сунушун карап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зергер айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин «АРИС» программасы боюнча 2016-жылдын 12-апрелиндеги сунуш кылган 3 (уч)томонку проектилери :
1) Кутурган айылындагы булакты тазалоо проектиси.
2) Кара малды жасалма жол менен уруктандыруу пунктуна эки бөлмөлүү имарат куруу проектиси.
3) Койлорду кыркуучу механизациялашлтырылган кыркым машинасын сатып алуу проектиси жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |
Зергер жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
Кайрат айылы | 12.04.2016-жыл.
|
Жалпы жыйындын катышуучулары: 19 анын ичинен аялдар 3,эркектер 16.
Жыйындын төрагасы: М.Абдуллаев, Катчысы: Ж.Козубаев
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1. Коомчулуктуу колдоо «АРИС» программасынын коомчулуктуу өнүктүрүү жана инвестициялоо агентигинин аткарылуучу иштери боюнча проектилерди тандоо.
Жыйындын төрагасы М.Абдыллаев жыйындын катышуучулары менен саламдашып,жыйында каралуучу күн тартибиндеги маселелердин мазмуну менен тааныштырып,сөздү Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзаибраимовго берди.
Зергер жайыт комитетинин эсепчиси А.Мусурманкулов:-жогорудагы маселелер боюнча КРнын Өкмөтүнүн алдындагы коомчулукту колдоо боюнча түзүлгөн «АРИС» программасы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентиги өз ишин баштагандыгы боюнча маалымат берип өттүү менен.Ал өз сөзүндө «АРИС» программасынын талаптары жана анны менен кандай долбоорлорду түзүүгө боло тургандыгына токтолуп,толук түшүндүрмө жасады.Ошондой эле «АРИС» программасы менен иштөчүү демилгечи топтун аткара турган жумушу жана милдеттери жөнүндө толугу менен түшүндүрмө берди.
Кутурган айылынын тургуну Жаанбаев Б:- сөз сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду 1-май айылында көйгөйлүү маселелер көп алардын ичинен негизгиси жайыт жерлердеги булактардын көзүн тазалап мал ичкенге жана адам ичкенге шарт түзүш керек ошо маселени «АРИС» программасына киргизип ондоону камсыз кылууну баса белгиледи.
Жаны-Айыл айылынын тургуну Кулбаев Т:-сөз сүйлөп биздин айыл өкмөтүбүздүн аймагына веет аптека курууу керек себеби элдер мал жандыктарына дары дармектерди алуу үчүн Өзгөнгө барып кыйналышат,андан сырткары жасалма жол менен малды куудурганга пункт керек ошо маселени «АРИС» программасы менен куруну сунуштады.
Кайрат айылынын тургуну Б.Буважанов:-койлорду кыркуу үчүн кыркым машинасын «АРИС» программасы менен сатып алып,элдердин койлорун оной жол менен кыркууну сунуштады.
Аюу айылынын тургуну Каракозуев М:- сөзгө чыгып,жогорудагы айтылган көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн «АРИС» программасы менен иштөөгө демилгечи топту түзүү жагын сунуштады.
Жыйындын төрагасы М.Абдыллаев:-жогорудагы айтылган сөздөрдү ишке ашыруу үчүн жыйындын катышуучуларынын талкуусуна койду.
Жогорудагы сунушталган жумуштарды жыйындын катышуучулары толугу менен колдоп»АРИС» программасы менен ишке ашырууну көрсөтүштү.
Жогорудагы күн тартибиндеги маселелерди угуп,талкуулап айтылган сунуш пикирлерди эске алып,жайыт комитетинин жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмеси «АРИС» программасы боюнча төмөнкү 3 (уч) проектилери:
1)Кутурган айылындагы булакты тазалоо проектиси.
2)Кара малды жасалма жол менен уруктандыруу пунктуна эки бөлмөлүү имарат куруу проектиси.
3)Койлорду кыркуучу механизациялашлтырылган кыркым машинасын сатып алуу проектиси.
Зергер айылдык кенешинин сесиясына бекитип берүү үчүн сунушталсын.
Жыйындын төрагасы | М.Абдуллаев
|
Катчысы | Ж.Козубаев |