Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы (V чакырылышы)
2016-жылдын 23-июлу №102
Зергер айыл өкмөтү тарабынан сунушталган «Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны жөнүндөгү» жобону карап чыгып, талкуулап Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 24 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны жөнүндөгү» жобо бекитилсин.
2. Жободо көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу жагы Зергер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссииясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Ибраимов |
Зергер айылдык Кеңешинин
2016-жыл 23.07. №102 токтому
менен бекитилген
Зергер айыл аймагынын “Ардактуу жараны” жөнүндө Жобо
I Глава
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул жобо менен жөнгө салынуучу мамилелер.
Ушул жобо менен «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамына татыктуулар аныкталып, аны ыйгаруунун жол жобосу менен, татыктуу деп табылган атуулдун статусу белгиленет жана ага ылайыктуу болгон төш белги жана наамды ырастаган документ иштелип чыгылат.
2-берене. «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамы
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамы–Зергер айыл аймагынын жана калкынын алдында синирген эмгеги үчүн берилген наам болуп эсептелет.
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамы – коомдук, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалоодо синирген өзгөчө эмгеги үчүн, ошондой эле адамдардын укугун коргоодо, тынчтыкты, ынтымакчылыкты бекемдөөдө, шаардын социалдык экономикалы көнүгүүсүнө, калктын абалынын жакшырышына кошкон белгилүү өлчөмдогү салымы үчүн, кайрымдуулук, айыл өкмөтү даңктаган, маданияттын өнүгүүсүнө, илим-билим өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн атуулдарга ыйгарылат.
Ошондой эле Ата-Мекенди коргоодогу өзгөчөлөнгөн эмгеги үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
3-берене. «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамынын ыйгарылышы
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамы жылына бир жолу жашыруун добуш берүү жолу менен 3 төн ашпаган адамга Зергер айылдык Кеңешинин чечими менен ыйгарылат( мындан ары тексте айылдык Кеңештин токтому)
Ардактуу наамга татыктуу адамдын айыл өкмөтүнүн аймагында төрөлбөгөндүгү эч кандай роль ойнобойт. «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамы бир эле адамга кайталанып берилбейт.
II Глава
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруунун тартиби
4-берене. ««Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан Зергер айылдык Кеңешине (мындан ары айылдык Кеңеш) сунушталат.
Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук бирикмелер, коомдук кыймылдар, мекеме-ишкананын эмгек жамааты, жамааттардын бирикмеси, айыл өкмөтүндө жашаган адамдардын тобу айыл өкмөтүнө «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу сунуштары менен кайрыла алат.
Зергер айылдык Кеңешинин төрагасы (мындан ары – айылдык Кеңештин төрагасы) айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары өз алдынча айылдык Кеңешке «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштары менен кайрылууга укуктуу.
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунушта –сунуш кылынган талапкердин өмүр баянын камтыган жана анын жетишкендиктери, сиңирген эмгеги жөнүндөгү маалыматтар компьютерден жазылып даярдалып берилет. Сунушка талапкердин сиңирген эмгеги жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө тиркелет жана мэриянын тийиштүү жетектөөчү адистеринин баалоо баракчасы тиркелет.
Зергер айылдык Кеңеши сунуш келип түшөөрү менен, сессияда карап, айыл өкмөтүнүн өзүнүн кабыл алган чечимин маалымдайт.
Зергер айылдык Кеңеши «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда толук негиздемелер жок болгон учурда, ошол талапкер жөнүндө айыл аймагынын башчысы бир жылдан кийин кайрадан сунуш киргизүүгө укуктуу.
5-берене Зергер айылдык Кеңеши «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечими
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу айылдык Кеңештин чечими менен жүргүзүлөт.
Зергер айылдык Кеңешинин «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү чечими массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
6-берене Зергер айыл аймагынын Ардактуу жарандардын портрет галереясы Кайрат айылынын маданият үйүнүн фойесинин элге көрнүктүү жерге Ардактуу жарандардын портреттеринин галереясы түзүлөт.Ардактуу жарандардын портреттеринде аты,жөнү, айылдык Кенештин чечиминин № жана датасы жазылат. Же Ардактуу жарандардын альбому уюштурулат жана айыл өкмөтүндө сакталат.
III Глава
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны кошумча укуктары жана жеңилдиктери»
7-берене Зергер айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулдарыры жер пайдалангандыгы үчүн ижара акы жана мүлк салыгын төлөөдө 50 пайыз женилдик укугуна ээ болушат. Аталган женилдиктер ардактуу жарандар айыл аймагында жашаса гана берилет.
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамын ырастоочу күбөлүк берилет.
IV Глава
8-берене «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» төш белгисинин сыпатталышы
Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны төш белгиси тегерек формасында болуп, диаметри 32 мм. түзөт. Тегеректин борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби жана анын айланасында «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» деген жазуу болот.
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны төш белгиси туурасы 28 мм. бийиктиги20 мм.түзгөн тик бурчтуу калыптын ичинде эмаль менен жасалган Кыргыз Республикасынын желеги жайгаштырылып, тегерек төш белгиге илмек менен бириктирилген. Калыптын артында кийимге өткөрүп кадай турган ийнелик жайгаштырылган.
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамы төш белгиси төштүн оң жагына тагылат.
9-берене. «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүктүн сүрөтөлүшү.
«Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүк 90х60 мм. өлчөмүндөгү китепче, сырт жагынан катуу кызыл түс менен тышталат. Тышында КРнын герби жана анын алдында «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» деген жазуу жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ич тарабынын сол жагынын жогору тарабына КРнын герби жайгаштырылып, калган жагына №____сандуу төш белгисинин күбөлүгү
Атуулдун (аты,жөнү) «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамы ыйгарылган.
Айылдык Кеӊештин төрагасы
Күбөлүктүн оң тарабындагы бетинин сол жагынын жогору жерине наам алган атуулдун 30х40 мм болгон сүрөтү жайгаштырылат. Сүрөт менен катар Ардактуу наам Зергер айылдык Кеңешинин 201__жылдын «___»________ №____токтому менен берилди. Күбөлүктүн ичиндеги жазуу кара сыя менен толтурулат.
Күбөлүк айылдык Кеӊештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Күбөлүктүн ичинин оң жагындагы сүрөттүн сол тарабындагы бурчу жабылгандай кылып мөөр басылат.
10-берене. «Зергер айыл аймагынын Ардактуу жараны» ардактуу наамынын төш белгиси жоголуп кетсе кайрадан берилбейт.