Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 33/5
Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын Сары-Камыш, Кара-Жыгач участкаларын бириктирип, көчөлөштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын Сары-Камыш, Кара-Жыгач участкаларын бириктирип, Шамырзаев Мелистин үйүнөн айыл өкмөтүнүн конторасына чейинки аралыкты согуш ардагери Шамырзаев Талип атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылынын Сары-Камыш, Кара-Жыгач учкасткаларынын жашоочуларынын суроо-талаптарын аткаруу боюнча Шамырзаев Мелистин үйүнөн айыл өкмөтүнүн конторасына чейинки аралык Шамырзаев Талип атындагы көчө болуп аталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу М.Эрмаматовго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |