Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-июлу №VII/III
Кара-Таш айыл аймагындагы 2017-жылдын 1-жарым жылдыктагы кылмыштуулуктун абалы тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап айыл кеңеши
(А/ кеңештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагындагы 2017-жылдын 1-жарым жылдыктагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |
Кара-Таш айыл аймагындагы 2017-жылдын 1-жарым жылдыктагы кылмыштуулуктун алдын алуунун абалы жөнүндө
2017-жылдын 6 ай ичинде Кара-Таш айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бирок, ошого карабастан коомчулукта бир топ кайдыгерликтин, тартипсиздиктин жана баш-аламандыктын айынан төмөнкүдөй кылмыш фактылары аныкталууда.
Тагыраак айтканда:
6 ай ичинде 4 мал уурулугу катталып, жыйынтыгында кылмыш иши козголгон. Анын 2 мал уурулугу жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган.
Бул жасалган кылмыш иштеринин бети ачылып, кылмышка шектүү катары айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай айылынын тургуну 1989-жылы туулган Мадумаров Эрлан жана 1994-жылы туулган Бексултан уулу Эргешбайлар. Аларга Ноокат райондук Соту тарабынан кылмыш иш козголуп, шарттуу соттолуп, көзөмөл карточкалары ачылган жана алдын алуу иштери жүргузүлүүдө.
2 мал уурулук фактысы менен кармалган жаш өспүрүмдөр айыл тургуну Акжол уулу Талантбек, Кудайберди уулу Медербек жана Мухамед уулу Эмилбектер кармалып, материал сотко жөнөтүлдү.
Андан сырткары 2 үй-мүлк уурулугу катталып, кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча шектүү катары жаш өспүрүм 1999-жылы туулган Талантбек кызы Гүлдана кармалып, Ноокат райондук Соту тарабынан 1 жыл 6 айга шарттуу соттолуп, көзөмөл карточкасы ачылган.
Аймакта жайгашкан билим берүү мекемелеринде мечиттин имамдары жана аксакалдар Соту тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомдук алдын алуу (КАБ) Борбору тарабынан да коомдук-профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.
М: кылмыштуулуктун алдын алуу, суицид, көк кит, диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кеңири мазмунда иштер жасалууда.
Маалыматты даярдаган:
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймактык ыйгарымдуу өкүлү,милициянын капитаны | Н. Аманбаев
|