Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры №X/1
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында “Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жобонун негизинде Кара-Таш айыл аймагында жаңыдан түзүлгөн “Жумушчу комиссиянын” курамы менен таанышып, талкуулап Кара-Таш айылдык кеңеши
(А/ кенештин туруктуу комиссиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун алкагында “Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жобонун негизинде Кара-Таш айыл аймагында жаңыдан түзүлгөн “Жумушчу комиссиянын” курамы бир добуштан бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Кара-Таш айыл аймагында жаңыдан түзүлгөн “Жумушчу комиссия” Жобонун негизинде иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Джаныбаев |