Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы №9
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Э. Темирбаевдин 2016-жылгы бекитилген жылдык бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү боюнча билдирүүсүн угуп, айылдык кеңешинин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында эске алуу менен Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылдын жылдык бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 130, миң сомго, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 109,6 миң сомго аткарылуусу жактырылсын.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга сунушталган бюджети 410,0миң сомго №1,2,3 тиркемелерге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Орозбеков айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды туура пайдалануу, жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жайыт акысын өндүрүү боюнча иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешттин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | И. Мадеминов |
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш
үчүнчү сессиясынын 23.01.2017-жылгы
№ 9 токтомуна № 1- тиркеме.
Киреше бөлүгү
№ | Киреше бөлүгүнүн мазмуну
| Жалпы саны | төлөө суммасы (ар бир башка) | Жалпы суммасы |
1. | жылкылар | 400 | 100 | 40 000 |
2. | Чон бодо мал | 2000 | 100 | 200 000 |
3 | Жаш бодо мал | 1500 | 60 | 90 000 |
4 | Койлор | 2500 | 20 | 50 000 |
5 | Эчкилер | 1500 | 20 | 30000 |
| Жалпысы: |
|
| 410 000-00 |
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш
үчүнчү сессиясынын 23.01.2017-жылгы № 9 токтомуна
№ 2- тиркеме.
Чыгаша бөлүгү
№ | Чыгаша бөлүгүнүн мазмуну
| статьясы | суммасы (миңсом) | Жалпы суммасы |
1. | Инвестициялык долбоорго өздүк салым | 3112 | 410000-00 | 410000-00 |
| Жалпы жыйынтыгы: |
| 410000-00 | 410000-00 |
Орозбеков жайыт комитетинин төрагасы | Э. Темирбаев |
Орозбеков айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш
үчүнчү сессиясынын 23.01.2017-жылгы
№ 9 токтомуна № 3- тиркеме.
Орозбеков айылдык жайыт комитетинин 2017-жылга түзүлгөн штаттык расписаниеси.
№ | Кызмат орду | Штат бирдиги | Кызматтык Эмгек акы | Мөөнөтү | Суммасы | Соц.фонд | Жалпы суммасы |
1 | төрага | 1,0 | 7000-00 | 6 | 42000-00 | 7300-00 | 49300-00 |
2 | орун басар эсепчи | 1,0 | 5000-00 | 6 | 30000-00 | 5200-00 | 35200-00 |
| жыйынтыгы: |
| 12000-00 |
| 72000-00 | 12500-00 | 84500-00 |
Орозбеков жайыт комитетинин төрагасы | Э. Темирбаев |