Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июлу №2
Акунов Кеңешбайдын Отуз-Адыр айылынын «Кеңеш» жаңы конушунун ички жолдору маселеси боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылындагы «Кеңеш» жаңы конушунун ички жолдору маселеси боюнча айыл өкмөтүндө комиссия курамы райондук архитектуранын жана госрегистрдин, айыл өкмөтүнүн адистеринен, айылдык кеңештин депутатарынан, «Кеңеш» жаңы конушунун тургандарынан турган комиссия түзүлсүн жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)
Төрага | А. Беделов |
Айылдык кеңештин 2017-жылдын
« 25 » - август өткөрүлгөн XXI
сессиясынын (5-чакырылыштагы)
№ 2 токтомуна № 1 тиркеме.
Отуз-Адыр айылындагы «Кеңеш» жаңы конушунун ички жолдору маселесин кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын
Курамы:
1. Адашов Алмазбек – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
2. Алдраков Сырбек –айылдык кеңештин депутаты.(макулдугу менен)
3. Айдаров Абдимиталип –айылдык кеңештин депутаты.(макулдугу менен)
4. Мырзаев Автандил- райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын адиси.(макулдугу менен)
5. Калыев Азамат – райондук мамкаттоо кызматынын адиси.(макулдугу менен)
6. Ураимов Сайфидин – айыл өкмөтүнүн башкы адиси.
7. Жакыпов Нурлан – Ынтымак айылынын айыл башчысы.
8. Султанов Немат- айылдын тургуну.
9. Кожомбердиев Жусубали – айылдын тургуну
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин катчысы | А. Зикиров |