Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-августу №7
Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси-салыкчысы Кудайкулова Нуриланын жеке ишкерлерден түшүүчү патент жана салык жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Машрап-Сайдан алынуучу шагыл маселесин карап чыгуу боюнча айыл өкмөтүндө курамы айыл өкмөтүнүн адистеринен жана айылдык кеңештин депутаттарынан турган комиссия түзүлсүн жана бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Мырзаев Асабидинге тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |
Айылдык кеңештин 2017-жылдын
« 25 » - август өткөрүлгөн XXI
сессиясынын (5-чакырылыштагы)
№ 7 токтомуна № 1 тиркеме.
Машрап-Сайдан алынуучу шагыл маселесин карап чыгуу боюнча түзүлгөн комиссиянын
Курамы:
1.Ураимов Сайфидин – Айыл өкмөтүнүн башкы адиси, комиссиянын төрагасы.
Мүчөлөрү:
2. Айдаров Абдимиталип –айылдык кеңештин депутаты
3. Атабаев Эрмамат- айылдык кеңештин депутаты.
4. Абдилазиз уулу Абдимитал –айылдык кеңештин депутаты
5. Ирекбаев Турдубай –Кызыл-Абад айылынын айыл башчысы
6. Исматов Расул-Кыш-Абад айылынын айыл башчысы
7. Апишев Хурбай-Савай-Арык айылынын айыл башчысы.
Төрага | А. Беделов |