Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23 январы №7
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын Регламентин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын Регламенти бекитилсин (тиркелет).
2. Ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизилсин.
3. Аталган токтом массалык – маалымат каражаттарына жарыялансын.
Айылдык кеңештеринин төрагалары:
Абдылдаев Ө.Ш. | Ак-Булуң айылдык кеңеши |
Айтбосунов А.В. | Тепке айылдык кеңеши |
Алымбаев Б.М. | Каракол айылдык кеңеши |
Бактыбаева Н.Ш. | Боз-Учук айылдык кеңеши |
Букаева К.С. | Шахта-Жыргалаң айылдык кеңеши |
Жаныбеков К. С. | Теплоключенка айылдык кеңеши |
Жантаев Э.Н. | Ак-Чий айылдык кеңеши |
Кылчыкбаев К.У. | Эңилчек айылдык кеңеши |
Муканбетов К. М. | Кереге-Таш айылдык кеңеши |
Мукалаев Т.А. | Каражал айылдык кеңеши |
Намазбеков А.Ж. | Отрадное айылдык кеңеши |
Өмүракунов М.К. | Октябрь айылдык кеңеши |
Хамзеев А.Б. | Челпек айылдык кеңеши |
| Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын регламенти |
I–Бөлүм
Жалпы жоболор
1-глава. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы
Кыргыз республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы бул тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин – райондун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын чогулушу.
Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин – райондун жергиликтүү кеңештери жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын токтомуна жана протоколдоруна жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын төрагасы, жергиликтүү кеңештердин бардык төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын компетенциясындагы маселелер боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакырууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакыруу жөнүндө кат жөнөтөт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сунуш киргизүү;
Жылына бир жолу тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин отчетун угуу;
Өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимге жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен ишеним көрсөтпөөнү билдирүү;
«Кыргыз республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген санда аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн талапкерликтерди Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүү, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына талапкерликтерди көрсөтүү.
II. Бөлүм Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын түзүмү жана органдары
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиуму үч адамдан турган курамда жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын ичинен шайланат (жыйналышка катышкан депутаттардын сунушу боюнча жашыруун же ачык добуш менен, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен).
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын ичинен катчылыкты жана эсептөө комиссиясын ар бири үч адамдан турган курамда шайлайт (келип түшкөн сунуштар боюнча, президиумдун чечими боюнча).
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиуму, катчылык жана эсептөө комиссиясы 1 жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумунун, катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын кийинки курамы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында белгиленген тартипте шайланат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумдун курамынан жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасын шайлайт (жыйналышка катышкан депутаттардын сунушу боюнча жашыруун же ачык добуш берүү менен, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен).
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы 1 жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын кийинки төрагасы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамында белгиленген тартипте шайланат
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы:
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакырат, төрагалык кылат;
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтомдорунун, протоколдорунун жана башка документтеринин аткарылышын көзөмөлдөйт;
- жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт;
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын регламентин сактоону көзөмөлдөйт;
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамына, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамында белгиленген санда талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш киргизет;
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
III Бөлүм. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ишинин жалпы тартиби
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ишинин уюштуруучулук-укуктук негизги формасы формасы болуп жыйналыш эсептелинет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын биринчи жыйналышын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин- райондун жергиликтүү кеңештеринин төрагаларынын ичинен жашы боюнча улусу ачат (тийиштүү кеңештерге шайлоо күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кеч эмес).
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын биринчи жыйналышынын күн тартибине жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумун,катчылыкты, эсептөө комиссиясын жана төраганы шайлоо, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
Жыйналыштын күн тартиби жана иш тартиби жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы тарабынан сунушталат жана депутаттар тарабынан сунушталат жана депутаттар тарабынан бекитилет. Жыйналыштын күн тартибинде кезектеги маселелер жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
Жыйналыштын күн тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттардын киргизген сунуштары депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Кошмо жыйналыштын төрагасы, катчылыгы даярдаган жана райондун мамлекеттик администрациясынын аппараты менен макулдашылган жыйналыштын күн тартибинин долбоору
депутаттарга таратылат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын иш планы бир жылга түзүлөт жана жыйналышта депутаттар тарабынан бекитилет. Иш пландын долбоорун райондун мамлекеттик администрациясынын аппараты менен бирге кошмо жыйналыштын катчылыгы даярдайт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары, президиуму, төрагасы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
Жыйналыштын бекитилген иш планынын маселелеринин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү же маселелерди алып салу депутаттар тарабынан чечилет жана жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтому менен жол жоболоштурулат.
7- глава Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына маселелерди даярдоо жана кароо тартиби.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламенте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:
- Баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгерде документ жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында мурун кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтомунун долбоору;
- эгер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтомунун долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме);
Токтом долбоорун кароодо кошмо жыйналыштын депутаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн, талкууга катышууга чакырылган башка жактардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат.
Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы төмөнкү чечимдердин бирөөсүн кабыл алат:
- токтомду толук кабыл алуу;
- кайра иштеп чыгууга жиберүү;
- күн тартибин алып салуу.
Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда:
- мөөнөттөр айкындалат жана токтомдун пунктарын жана аны толук ишке киргизүү жана аткаруу ыкмаларын аныкталат;
- мыйзамдуу актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ченемдик актыларын жакшыртуу үчүн мөөнөттөр аныкталат, эгер аларга жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көпчүлүгү добуш берсе, кароого жатат жана кабыл алынды деп эсептелинет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы токтом түрүндө чечим кабыл алат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтомуна жергиликтүү кеңештердин бардык төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтому жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын талкуусунан кийин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы уюштуруу иштерин координациялоо үчүн жумушчу органдарды – катчылыкты ,эсептөө комиссиясын, зарыл учурларда башка комиссияларды түзөт.
Жумушчу органдар депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
Жыйналыштын катчылыгы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жүрүшүнүн программасын жүргүзөт, регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрүү берет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- жыйналышты өткөрүү күнү, убактысы жана орду;
- Жыйналышка катышкан депутаттардын саны; жыйналыштын күн тартибиндеги маселелер;
- төраганын жана сөз сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү;
- добуш берүүгө коюлган бардык маселелер жана сунуштар;
- добуш берүүнүн жана чечим кабыл алуунун жыйынтыгы.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын протоколуна жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы, бардык жергиликтүү кеңештердин төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ар бир токтомунда аны көзөмөлдөгөн жак көрсөтүлөт.
Көзөмөлдөөнүн максаты документти ишке ашыруунун натыйжалуулугун деңгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат.
Токтомдун тапшырма пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) жана аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын катчылыгы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппараты менен бирге жергиликтүү кеңештердин (айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаардын) депутаттарына жана жергиликтүү жамааттарга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жыйналышты өткөрүү күнү, күн тартиби жана өткөрүү орду жөнүндө маалыматты жыйналышты өткөрүүгө 5 күн мурун билдирет. Токтом долбоору жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын
депутаттарына жыйналышка чейин 3 күн калганда жеткирилет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйынын төрагалык кылган өткөрөт (жыйындагы төрагалык кылган жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы болуп саналат). Анын жоктугунда президиумдун бир мүчөсү төрагалык кылат.
Кезексиз жыйналышты чакыруу президиумдун, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы же кошмо жыйналыштын депутаттарынын жалпы санынын1/3 бөлүгүнүн демилгеси менен жүргүзүлөт.
Кезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана кезексиз жыйналышты өткөрүү зарылчылыгын негиздөө менен төрагага берилет.
Жыйналышка материалдарды жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын планына ылайык жооптуу жактар даярдайт. Пландан тышкаркы маселелер демилгечилер тарабынан даярдалат.
Киргизилүүчү маселелер боюнча материалдар демилгечилер тарабынан жазуу түрүндө кошмо жыйналыштын катчылыгына жыйналышты өткөрүүгө 7 күн мурун берилет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдин тийиштүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө отчетун угат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдин отчетунун тексти кошмо жыйналышта кароого 10 күн мурун тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин- райондун жергиликтүү кеңештерине көрсөтүлөт.
Өз милдетин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына-акимге ишеним көрсөтпөө чечими жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен кабыл алынат.
Депутаттардын көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишин жөнгө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдары жана башка мыйзам чыгаруу актылары, ошондой эле ушул Регламент менен аныкталат.
IV Бөлүм Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасын тандоонун жол-жобосу жана тартиби
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы кызматына талапкерлер президиумдун курамынан депутаттар аркылуу көрсөтүлөт. Президиумдун мүчөсү да өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы кызматына өзүнүн талапкерлигин көрсөтө алат.
Көрсөтүлгөн талапкерлер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
Жыйналышта катышкан депутаттардын сунуш боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасын ачык добуш берүу менен шайлоо мүнкүн.
Көрсөтүлгөн талапкер өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы 1 жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын кийинки төрагасы мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.
Эгер төрага өз милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын 1/3 депутаттарынын демилгеси менен шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ээлеген кызматынан бошотулушу мүнкүн.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйындарындагы жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн жыйналышында милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны шайлайт), жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди, ящиктерди жана кабиналарды даярдайт.
Добуш берүүнү камсыздоо үчүн эсептөө комиссиясы жыйналышта катышкан депутаттардын тизмесин тактайт, жашыруун добуш берүүнүн протоколдорунун сакталышын камсыздайт жана жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын катчылыгына берет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы кызматына талапкерлер бюллетендерди эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Бюллетенге талапкердин аты-жөнү паспорттук маалыматтарынын же башка инсандык күбөлүгүнүн негизинде жазылат.
Бюллетенге башка маалыматты киргизүүгө жол берилбейт.
Бюллетендин формасы эсептөө комиссиясы тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары менен бекитилет.
Ар бир талапкер боюнча «Макул», «Каршы», «Бардыгына каршы» бюллетендерде эсептөө комиссиясы жыйынтыктарды чыгарат жана бекитүү үчүн жыйналыштын кароосуна коет.
V. Бөлүм Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким кызматына талапкерди сунуштоо жол-жобосу жана тартиби
Аким жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри сунуштаган талапкерлердин ичинен (3төн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. Ошону менен бирге акимдин бош кызмат оруну пайда болгон күндөн 30 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри талапкерлерди ( 3төн кем эмес) жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына коет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин тийиштүү сунушу киргизген күндөн тартып 15 жумуш күнүнүн ичинде талапкерлердин бирин тандайт, жашыруун добуш берүү менен чечим чыгарат жана аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча Премьер-министрге сунуш киргизет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын аким кызматына сунуштоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жыйналышында жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын экиден үчү катышса, ал өткөрүлдү деп эсептелинет.
Аким кызматына дайындоого сунуштоо үчүн талапкерлерди тандоо жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкерлерди тандоо тартиби жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ушул регламенти менен аныкталат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
Төмөнкү учрларда эгер:
- биринчи турда талапкерлердин бири да керектүү сандагы депутаттардындобушуна ээ болбосо,анда эң көп добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи турда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
- биринчи турда бир да талапкер депутаттардын керектүү сандагы добушуна ээ боло албаса, бирок талапкерлердин бирөө көбүрөөк добушка ээ болуп, калгандары бирдей добушка ээ болсо, көбүрөөк добушка ээ болгон талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи турда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалды деп эсептелинет.
Эгер добуш берүүнүн экинчи турунда талапкер депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ боло албаса, анда шайлоо ишке ашкан жок деп эсептелинет да Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жаңы талапкерлерди көрсөтөт.
Эгер талапкерлерге Караганда «Бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн депутаттардын көпчүлүк добушу берилсе, шайлоо кайра өткөрүлөт.
Эгер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлер көрсөтүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 20 жумуш күнүнүн ичинде жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына жаңы талапкерлерди (3төн кем эмес) көрсөтөт.
Эгер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине аким кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди кайра көрсөтпөсө, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча тийиштүү райондун жергиликтүү кеңештерин таркатат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Эгер мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына талапкерлерди (3төн кем эмес) көрсөтпөсө, анда жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы 15 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген Мыйзамдын талаптарына, ошондой эле квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерди өз алдынча тандайт жана аким кызматына дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштайт.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы акимдин бош кызмат ордуна көрсөткөн талапкери сөзсүз түрдө 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалышы керек.
Аким кызматына талапкерлер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан көрсөтүлөт.
Ар бир талапкерлер боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына төмөнкү маалыматтар сунушталат:
- сүрөтү бар кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы жана биографиялык маалыматтар (Аты-жөнү, туулган күнү, жери, улуту, билими (атайын, жогорку), эмгек ишмердиги жөнүндө маалыматтар, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партиялык таандыгы);
- паспортунун көчүрмөсү;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтери, илимий даражасынын жана илимий наамынын болушу;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары жөнүндө документтеринин көчүрмөсү;
- кылмыш жасагандыгы үчүн соттолбогондугу тууралуу тиешелүү органдын расмий документи;
Ар бир талапкерлер боюнча талапкерди көрсөтүүгө негиз болгон анкеталык маалыматтарды кыскача баяндоо, кесипкөй жана ишкердик сапатын мүнөздөө менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий кат жол жоболоштурулат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн, райондук мамлекеттик администрациянын-акими кызматына талапкерлер боюнча добуш берүү процессин уюштурууну камсыздоо жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы добуш берүү үчүн бюллетендердин формасын жана текстин белгилейт, алардын сакталышын камсыздайт, өзүнүн жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, азыркы тартипке ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ишин материалдык-техникалык камсыздоо райондук мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.
Добуш берүү үчүн бюллетенге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн аким кызматына талапкерлер гана киргизилет.
Аким кызматына талапкерлер боюнча кароо жана добуш берүү жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы аныктаган атайын өзүнчө жайда жүргүзүлөт.
Депутаттардын келүүсүнө, добуш берүүнү уюштурууга, жайды жабдыктоого жана анда тийиштүү тартипти сактоого жоопкерчилик жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасына жүктөлөт.
Добуш берүү тартиби камсыздоого жоопкерчилик эсептөө комиссиясына жүктөлөт.
Эсептөө комиссиясы:
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарын добуш берүүнүн алдында каттоо жүргүзөт;
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын катталган депутаттарына добуш берүү үчүн бюллетендерди берет;
- жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарын добуш берүү бюллетендери менен жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарга кирүүсүн жана добуш берүүнүн жашыруундугун камсыздоого көзөмөл жүргүзөт.
Добуш берүүнүн алдында бюллетендер үчүн урна жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломбу коюлат жана печатталат.
Ар бир депутат жеке добуш берет. Эки жак үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
Бюллетендер добуш берүүчү тарабынан жашыруун добуш берүүчү кабинада же бөлмөдө толтурулат. Добуш берүүчүлөр бюллетенди толтурууда жанында башка жактын болушуна жол берилбейт.
Депутат жашыруун добуш берүүчү бюллетенде добуш берип жаткан талапкердин аты-жөнүнүн тушуна гана «Макул» белгисин коет же «Талапкерлердин бардыгына каршы» позициясына коет.
Белгисиз формадагы, ошондой эле «Макул» белгиси бир же бирнече талапкерлерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет.
Райондун акими кызматына талапкерлер эгер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, жактырылды деп эсептелинет.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол койгон эсептөө комиссиясынын протоколу үч нускада түзүлөт.
Протоколдун биринчи нускасы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кат жөнөтүлөт, экинчи нускасы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын катчылыгында сакталат, үчүнчү нускасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын токтому менен бекитилет.
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын талапкерлерди жактыруу тууралуу токтому райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимди дайындоо жөнүндө сунуш менен Премьер-министрге жөнөтүлөт.
Эгер добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи туру добуш берүүнүн биринчи туру өткөн күнү эле өтөт.
Добуш берүүнүн экинчи турунда бюллетенге биринчи турда эң көп добуш алган эки талапкер киргизилет. Добуш берүүнүн экинчи турунда жыйынтыктарды чыгаруу азыркы Тартипте ылайык жүргүзүлөт.
Эгер добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса , райондун акиминин кызматына Премьер-министр көрсөткөн талапкерлер четтетилди деп эсептелинет, бул жөнүндө жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы 24 сааттын ичинде жазуу түрүндө Премьер-министрге билдирет.
Буга байланыштуу Премьер-министр мыйзамда белгиленген тартипте башка талапкерлерди көрсөтөт.