Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-марты №16
Кара-Бак айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы өз каалоосу менен бошот кеткендигине байланыштуу жаныдан бекитүү максатында 2017-жылдын 15-февралында өткөрүлгөн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунун №1 протоколунун негизинде Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин төрагасы болуп Кара-Бак айылынын тургуну Туланов Жанибек Шамсидинович жана бухгалтери болуп Нажимидинов Бадиридин бекитилсин.
2. 2017-жылга Жайыт комитетинин бюджети 292224(эки жүз токсон эки миң эки жүз жыйырма төрт) сомго, жана терифи тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Нишанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI
чакырылышынын кезектеги V
сессиясынын 2017-жылдын
14-мартындагы № 16 токтомуна тиркеме
Кара-Бак айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн тарифи
№ | Малдын түрү | Айыл аймактагы жарандардын малына төлөнүүчү өлчөм (1 малга) | Айыл аймактан тышкары жарандардын малына төлөнүүчү өлчөм (1 малга) |
1 | Уй (топоз) | 120 сом | 240 сом |
2 | Жылкы | 120 сом | 240 сом |
3 | Кой-эчки | 24 сом | 48 сом |
|
|
|
|
1. Отун пулу - 1 куб баасы - 600 сом.