Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Балыкчы шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын XI сессиясы
2013-жылдын 30-апрели № 2
Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” жобосун жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө”
Балыкчы шаардык Кеңешинин 03.03.2004 ж. XXIII чакырылышынын XXVIII сессиясынын №10 токтомунун негизинде бекитилген “Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” жобосуна киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап, талкуулап Балыкчы шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” жобосу №1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. “Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” комиссиясынын курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” жобосу Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Токтом жергиликтүү «Балыкчы» гезитине жарыялансын.
5. Балыкчы шаардык Кеңешинин 03.03.2004 ж. XXIII чакырылышынын XXVIII сессиясында кабыл алынган №10 токтому жокко чыгарылсын.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаарынын мэриясына жана шаардык Кеңештин алдындагы курулуш, архитектура, муниципалдык менчик жана коммуналдык чарба маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Балыкчы шаардык кеӊешинин төрагасы |
А. Смадияров |
| «БЕКИТЕМИН» Балыкчы шаардык Кеңешинин төрагасы _______________А.Смадияров № 2 токтом 2013-жылдын 30-апрели |
“Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” комиссиясы жөнүндө
“Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” комиссиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы токтомуна, Балыкчы шаардык өз алдынча башкаруусунун жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1.2. “Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча” комиссиясы жөнүндө жобо жеке менчикке тийиштүү мүлккө жайылтылбайт.
1.3. Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.
2.1 Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет.
- Комиссиянын курамын шаардык Кеңеш, ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бекитет.
- Комиссиянын төрагасы болуп муниципалдык менчик маселесин караган Балыкчы шаарынын 1вице-мэри эсептелинет.
- комиссиянын төрагасынын орун басары болуп Балыкчы шаарынын башкы архитектору же кыймылсыз мүлккө менчик укуктарын каттоо башкармалыгынын жетекчиси боло алат.
- Комиссиянын катчысы болуп шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери, ММБ башчысынын сунушу менен дайындалат жана комиссиянын курамына кирбейт.
3.1 Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим чыгарат;
- Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;
- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө старттык баасын белгилейт;
- тооруктун жыйынтыгын аныктайт;
- Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
4.1 Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурум түрүндө жүргүзөт.
- комиссиянын төрагасы отурумдун өтүү убагын белгилейт;
- отурумду комиссиянын төрагасы өткөрөт, төрага жок убакта төраганын орун басары өткөрөт;
- комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
- добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
- комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, кээ бир учурларда - торуктун жеңүүчүсү болуп кол коюшат.
- эгерде кабыл алынып жаткан чечимге комиссиянын мүчөлөрүнүн каржы кызыкчылыгы же арыз ээси менен туугандык байланышта болсо, комиссия мүчөсү маселени кароодон, добуш берүүдөн жана катышуудан бошотулат.
- комиссиянын архиви болот, анда бардык отурумдардын протоколдору, комиссиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтар сакталат.
5.1 Комиссиянын отурумуна сөзсүз түрдө бардык комиссия мүчөлөрү чакырылат.
- отурумдун башталышында комиссия ишинин регламентин белгилейт;
- каралып жаткан маселенин мүнөзүн;
- тиешелүү органдардан жана көз каранды эмес эксперттерден түшкөн расмий жыйынтыктардын мазмуну;
- чечим кабыл алынгандан кийин 3- күндөн кечиктирбей комиссиянын протоколу Балыкчы шаарынын мэрине бекитүү үчүн жиберилет.
- Балыкчы шаарынын мэриясы комиссияга отурумдарды өткөрүүгө жана архивин жайгаштырууга бөлмө берет.
6.1 Тиешелүү кызматтардан, Балыкчы шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнөн жана чарбалык субъектилердин иш кагаздарды, тыянактарды экспертизанын актысын ж.б. материалдарды комиссиянын отурумунда каралып жаткан маселеге тийиштүү маалыматтарды алганга укуктуу.
- өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө массалык маалымат каражаттарына маалымдайт
- Балыкчы шаарындагы Муниципалдык менчикте турган жер аянттарына жана кыймылсыз мүлккө пайдалануу укугун берүүгө байланышкан башка маселелерди карайт.
7.1 Комиссия мүчөсүнүн себеби көрсөтүлгөн арызынын негизинде.
- Балыкчы шаардык өз алдынча башкаруу органдарына комиссия мүчөлөрүнүн сунушу менен кабыл алынган чечиминин негизинде.
- жагдай шарттары менен;
8.1 Каралып жаткан маселени көрсөтүлгөн милдетинин чегинде иш жүзүнө ашырууда ар бир комиссия мүчөсү мыйзамдуулукту сактоого жоопкерчиликтүү.
- зарыл учурларда комиссиянын төрагасы комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен менчиктештирүү укугун берүүгө байланыштуу жоопкерчиликти башка комиссия мүчөсүнө жүктөй алат.
- эгерде комиссия мүчөсү отурумга далилсиз себептер менен келбей калса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.
| Тиркеме№2 |
1. Мусаев К.А. - Балыкчы шаарынын мэриясынын биринчи вице мэри,
комиссиянын төрагасы.
2. Мусабаева Б.С. - Балыкчы шаардык жерге жайгаштыруу жана
Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн жетекчи, комиссиянын орун басары.
Садырова Г.Ж.- Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси – комиссиянын катчысы
3. Давлетов Т.Б.- шаардык Кеңештин депутаты
4. Ашыралиева М.- шаардык Кеңештин депутаты
5. Акаева Э.- шаардык Кеңештин депутаты
6. Мамбеталиев Б.К.- Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы
муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы.
7. Зарылбеков К.М. Балыкчы шаарынын мэриясынын юристи
8. Борбашев К. Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо “
муниципалдык мекемесинин башчысы
9. Ажиева Ж.У. Балыкчы шаар куруу жана архитектура
башкармалыгынын башчысы
10. Асангазиев Ч. “Балыкчы –Ынтымагы” жаштар коомунун өкүлү.
11. Усупов М.Б. “Кыргызстан Жаштар Кеңешинин” өкүлү