Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу №38
Кара-Бак айылдык кеңешинин 25.04.2017-жылдагы №33 сандуу токтомуна “Кыргызжермамдолбоор”МДИ МИ Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын 04.05.2017-жылдагы №01-7/228 корутундусунун негизинде өзгөртүү киргизүү менен Кызыл-Бел айылынын түндүк жагынан (Исфара-Баткен жолунун үстү жагы) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан 0,15 га жер аянтын калктуу конуштар багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын түндүк жагынан (Исфара-Баткен жолунун үстү жагы) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 0,15 га башка жер аянты кичи футбол аянтчасын куруу үчүн калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерин даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |