Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19 февралы № 8
Садыр аке айыл өкмөтүндөгү жерлерди акысыз берүү жана ижара укуктарын берүү тартиптерин бекитүү жөнүндө
Садыр аке айыл өкмөтүндөгү жерлерди туура жана эффективтүү пайдалануу, жер алакаларын тууралоо, Садыр аке айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча булактарын тартуу, инвесторлордун жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоо жана КР Конституциясына, КР жер кодексинине, КР өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларына, иш кагаздарына таянып Садыр аке айыл кенешинин XXVI чы чакырылышындагы II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айылдык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемесине “Жер тилкелерине менчик жана ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Садыр аке айылдык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемесине караштуу менчик жер тиркелерин сатуу, менчик түрүнө жана ижарага берүү боюнча жобосун бекитүү.
Өзүн -өзүбашкаруу органы Садыр аке айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин менчик түрүнө өткөзүп берүү, ошондой эле ижарага берүү комиссиясынын жобосуна ылайык тартиби боюнча жерди ижарага берүү, жана менчик түрүнө өткөзүнө сунуштарды киргизүү.
3. Имарат астындагы жана менчик ээсине тиешелүү курулуштар жер участкасын пайдаланганга чейин жана мөөнөтү бүткөндөн кийин сатыксыз жана түз сатык жолу менен берүү.
4. Өздөштүрүлбөгөн жер участкаларын (бош ) ачык сатык жолу менен берүү(аукцион, сынак)
5. Пайдаланылган жер участкаларын көз каранды эмес баалоочулар баалап жүргүзөт.
6. Чыгым төлөмдөрү жер участкаларына ижара же жеке менчик укуктарын көрсөтүү Садыр аке айылдык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан жер участкаларын берүүдөн түшкөн каражаттар менен жүргүзүлөт.
7. Каттоо, нормативдик укуктук актыларды каттоо журналына киргизүү менен жүргүзүлөт
8. Укуктук нормативдик актылар массалык маалымат каражаттарында чагылдырылат
9. Бул токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселеси боюнча аткаруучу адиске жүктөлөт.
Айылдык кенештин төрагасы | Жук П.Г |
| «Бекитилди» Садыр аке айылдык кеңешинин 26 чакырылышынын 2 сессиясында 19.02.2013 ж. |
Ысык-Көл районунун Садыр аке айылдык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын жерди менчикке бөлүштүрүү комиссиясынын жобосу
1.Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Григорьевка айылынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын жерди менчикке бөлүштүрүү комиссиясы өзүнүн ишин жүргүзөт. Ушул жобо өзүн – өзү башкаруу органы аркылуу бекитилет.
2.Комиссияны түзүү шарты
2.1. Комиссия мүчөлөрү Садыр аке айылдык кеңешинин токтому менен бекитилет.
2.2. Комиссия төрагасы болуп айыл өкмөтүнүн башкы адиси, жер мамилелери боюнча тейлөөчүсү эсептелет.
2.3. Комисиянын курамына төмөнкү органдардын өкүлдөрү кирет:
- райондук Мамлекеттик архитектуралык курулуш бөлүмүнүн жетекчиси (Архитектура);
- кыймылсыз мүлк бъектилерин каттоо укуктары боюнчарайондук башкармалыктын жетекчиси (мындан ары Мамлекетик каттоо);
- жергиликтүү кеңештин депутаттары 4 адам;
- коомчулуктун өкүлдөрү (жаштар уюму)
3.Комиссиянын иш-милдеттери
3.1. Комиссия төмөнкү иш-милдеттерди жүргүзөт:
- жерди жеке менчикке укугун берүү боюнча, же жер участогун ижарага берүүгө чечим кабыл алат;
- жер участогуна болгон укуктарынын түрлөрүн (жеке менчик, ижара),өткөрүү ыкмаларын (аукцион, сынак, түз соодасатык) аныктайт;
- лоттун баштапкы наркынын өлчөмүн белгилейт, же жер участокторунун баштапкы баалары боюнча соода- сатык жүргүзүүгө түз байланышта;
- соода-сатыкты уюштуруучу катары чыгат;
- белгиленген тартипте соода-сатыктын натыйжасын бекитет;
- 2011-жылдын 23 сентябрда № 571 Кыргыз Республикасынын токтомунда бекитилген негизги жободо каралган компетенциянын чегинде жер участкасына укук берүүгө байланышкан дагы башка маселелерди карайт жана башка нормативдик укуктук актыларда каралат.
3.2.Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу;
- Комиссия аткаруу кызматы документтер боюнча Ысык-Көл райондук ведомстволук жана менчик форма экенине карабастан, документтик жыйынтыктарды, эксперттик актыларды жана башка отурумдардын карала турган суроолорун Садыр аке айыл өкмөтүнү тиешелүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан алат;
- Массалык маалымат каражаттарына өзүнүн иш – аракети жөнүндөгү материалды жайылтууга.
4. Комиссиянын ишин уюштуруунун тартиби
4.1.Комиссия өзүнүн иш – аракетин отурум формасында жүргүзөт. Отурумдун жыйынтыктары протокол түрүндө көрсөтүлүп, ага катчы төрага жана бардык комиссия мүчөлөрү катышкандар кол коюшат.
4.2. Комиссия отуруму комиссия төрагасы белгилеген күн менен өткөрүлөт.
4.3. Комиссия отурумун комиссиянын төрагасы алып барат,ал катышпаган учурда отурумду комиссия мүчөсү, төрага дайындаган аткаруучу алып барат.
4.4. Эгерде отурумда мүчөлөрдүн үчтөн экиси катышса, анда комиссия чечим чыгарууга укуктуу.
4.5. Комиссия чечими катышуучулардын ачык добушу жана көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Тең добуш берилсе, отурумдун башкаруучусу чечүүчү добушту ээлейт.
4.6. Эгерде каралып жаткан арыз төрага же комиссия мүчөсү менен финансалык кызыкчылыкта болсо, же тигил тарап менен тууганчылык байланышта болсо, мындай комиссия мүчөсү учурда каралып жаткан маселеге катышууга укуктуу эмес жана ал боюнча чечим чыгарууга укугу жок.
4.7. Комиссия мүчөлөрү бул отурумдун материалдары боюнча үч күндүн ичинде маалымат алышат жана камсыз болушат.
4.8. комиссиянын өз архиви болот, ал жакта бардык отурумдардын протоколдору, комиссиянын иш- аракети менен байланышкан башка бардык материалдар камтылат.
5. Отурум жүргүзүүнүн тартиби
5.1. Комиссиянын отурумуна бардык комиссия мүчөлөрү милдеттүү түрдө чакырылат.
5.2. отурумдун башталышында комиссиянын төрагасы менен алдын- ала макулдашылган башкаруучу органдардын жана көз каранды эмес эксперттердин талкуулана турган суроолору белгиленет.