Редакцияот 20.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 12-отуруму

 

2017-жылдын 20-ноябры №12/6

Гүлчө айылындагы № 5 «Ак ниет» балдар бакчасына заманбап суу түтүкчөлөрүн киргизүү, аристон орнотуу жана бакчанын эки корпусунун чатырлары эскилиги жетип , күз кыш айларында суу кирип, жылда ремонт кылган сайын чоң көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгына байланыштуу, чатырчаларды алмаштырууга жана 24 саттык түнкү балдар бакчасы болгондуктан түнкү жарыктандырууну да киргизүү бакчанын 1 кабатына заманбап ажаткана киргизүү үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

 

Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 12-заседаниеси Кыргыз Республикасынын Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айылындагы № 5 «Ак ниет» балдар бакчасына заманбап суу түтүкчөлөрүн киргизүү, аристон орнотуу жана бакчанын эки корпусунун чатырлары эскилиги жетип , күз кыш айларында суу кирип, жылда ремонт кылган сайын чоң көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгына байланыштуу, чатырчаларды алмаштырууга жана 24 саттык түнкү балдар бакчасы болгондуктан түнкү жарыктандырууну да киргизүү бакчанын 1 кабатына заманбап ажаткана киргизүү үчүн жазылган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылындагы № 5 «Ак ниет» балдар бакчасына заманбап суу түтүкчөлөрүн киргизүү, аристон орнотуу жана бакчанын эки корпусунун чатырлары эскилиги жетип, күз кыш айларында суу кирип, жылда ремонт кылган сайын чоң көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгына байланыштуу, чатырчаларды алмаштырууга жана 24 саттык түнкү балдар бакчасы болгондуктан түнкү жарыктандырууну да киргизүү бакчанын 1 кабатына заманбап ажаткана киргизүү үчүн жазылган долбоорду карап чыгып Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2 986 898 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 20 пайыздык 597 377 сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Исмаилов