ТоктомКүчүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-ноябрындагы №12/8 «Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө» токтому

Редакция20.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезексиз 12-отуруму

 

2017-жылдын 20-ноябры №12/8

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

 

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 1 998 881 сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 20 пайыздык 399 776 сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Исмаилов