КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги 16-сессиясы (V шайланган)
2016-жылдын 22-февралы № 16/9
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 25.06.2015-жыл № 82 "Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгү" Мыйзамына негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жыл № 747 "Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү" токтомуна ылайык түзүлгөн Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин.
2. Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү жана айылдык аймактык жергилитүү жааматтары Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын жетекчиликке алышсын.
Төрага | Б. Абдырахманов |