Редакцияот 04.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңешинин кезектеги 4-сессиясы (VI шайланган)

 

2017-жылдын 4-майы № 4.2

Капчыгай айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 25.06.2015-жыл № 82 “Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жыл № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык түзүлгөн Капчыгай айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын угуп жана талкуулап            

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 25.06.2005-жыл № 82 “Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жыл № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык түзүлгөн Капчыгай айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин.

2. Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү жана айылдык аймактык жергиликтүү жааматтары Капчыгай айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын жетекчиликке алышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М. Сатыбалдыевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Турганбаев