Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 94
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону жана муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө
Токтогул шаарында муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытында системалык өзгөртүүлөрдү киргизүү, башкарууну жакшыртуу, коплекстүү жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө, “Мамлекетик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын жетекчиликке алуу менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Жогорудагылардын негизинде, “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону” карап, 28.06.2016-жылдагы № 94 Токтогул шаардык мэриясынын буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмесин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобо бекитилсин (1 Тиркеме).
2. Комиссия тарабынан сунуш кылынган муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмеси бекитилсин (2 Тиркеме).
3. Шаар аймагында жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытында тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүү Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Дербишев |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын № 94 токтому менен бекитилди 1 Тиркеме |
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү жөнүндө бул жобо «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» КР мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн «Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекиген Муниципалдык кызматтардын рестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана ал Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү тартибин жана шарттарын аныктайт, жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын кызыкчылыктарын эсепке алууну камсыз кылат.
1-бөлүм. ЖӨБ органдарынын Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүдөгү компетенциялары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү кеңешинин (айылдык, шаардык кеңештин) компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитет;
2) Муниципалдык кызматтардынстандарттарын, муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча административдик регламентти бекитет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
1) Арыздарды, сурамдарды (суроо-талаптарды), протоколдорду жана башка документтерди кабыл алуу, аларды жалпылоо аркылуу кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды түзөт;
2) Кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошууну демилгелейт;
3) Ушул Жобо менен каралган тартипке ылайык, муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында бир нече административдик-аймактык бирдикте көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарды өз аймагына киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
4) Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды кароо комиссиясын түзүү тууралуу чечим кабыл алат;
5) Комиссиянын ишмердигин уюштурууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтөт;
6) Жергиликтүү коомчулуктун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн иш-чараларды (фокус-топторду) өткөрөт;
7) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна жөнөтөт же комиссиянын корутунду бүтүмүнүн негизинде кошумча кызматтын демилгечилерине (арыз берүүчүлөргө) негизделген баш тартууну берет;
8) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүү боюнча ушул Жобо жана Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо менен каралган документтердин пакетин даярдайт;
9) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине акылуу кызматтарды кошкондо, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Ведомстволор аралык комиссия менен макулдашат;
2-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү үчүн муктаждыктардын сурамын демилгелөө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл өкмөт, шаардык мэрия) төмөнкү демилгелердин негизинде кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча сунуштарды калыптандырат:
• чогулуштардагы (курултайлардагы) жарандардын кайрылуулары (арыздары, протоколдор);
• муниципалдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин кайрылуулары (арыздары);
• калктын аяр катматларынын кызыкчылыгында иш жүргүзгөн уюмдардын кайрылуулары (арыздары);
• жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кайрылуулары (арыздары, отурумдардын протоколдору);
• Шаар мэринин жана мэриянын апарат кызматкерлеринин, сунуштарынын негизинде ЖӨБ органынын өзүнүн демилгелери.
3-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин кароо жана калыптандыруу
Фокус-топту өткөрүү
Муниципалдык муктаждыктарды (керектөөлөрдү) аныктоо жана түрдүү социалдык топтордун, тактап айтканда, калктын аяр катмарларынын, кызыкчылыктарын эсепке алуу жана катышуусун камсыз кылуу максатында кызматтардын жергиликтүү реестрин түзүү процессинде ЖӨБ органдары (шаардык мэрия) фокус-топторду өткөрүшөт.
Фокус-топтор өкүлдөрдүн/кызматтарды керектөөчүлөрдүн, калктын социалдык жактан аяр катмарларынын (аялдар, жаштар,ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, карылар ж.б.) көпчүлүгүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Фокус-топтор бул баскычта жарандардын сурамдарын (суроо-талаптарын) көрсөтүүнүн бир формасы болуп саналат, алардын жыйынтыктары боюнча кызматтардын кошумча тизмесине киргизүү үчүн кызматтардын алгачкы тизмеси түзүлөт.
Кызматтардын алгачкы тизмеси түзүлгөндөн кийин ЖӨБ органы (айыл өкмөт, шаардык мэрия) аны айыл өкмөт түзгөн Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү боюнча комиссиянын (мындан ары текст боюнча – Жумушчу комиссия) кароосуна берет.
Кызматтардын критерийлерине туура келүүсүнө карата экспертиза өткөрүү
Жумушчу комиссия көз карандысыз эксперттердин/адистердин катышуусунда кызматтардын алгачкы тизмесинин төмөнкүлөргө туура келүүсүнө карата экспертиза өткөрөт:
1. КР мыйзамдарында аныкталган «муниципалдык кызматтар» түшүнүгүнүн критерийлерине.
2. КР мыйзамдарында каралган «Муниципалдык кызматтардын» акылуулук/акысыздык критерийлерине.
3. Калктын социалдык аяр катмарларын эсепке алуу критерийлерине туура келүүсү.
Бул критерийди сактоонун шарты болуп төмөндө көрсөтүлгөн тастыктоочу документтердин биринин болушу эсептелет, тактап айтсак:
1) Калктын социалдык аяр катмарларынын арасында өткөрүлгөн фокус-топтордун жыйынтыктары (фокус-топтун протоколу).
2) Муниципалдык кызматты калктын социалдык аяр катмарларынан алуу зарылдыгы тууралуу сурамдын болушу (бул сурамдар түшкөн курултайлардын, жарандардын чогулуштарынын протоколдору).
3) Муниципалдык кызматтарды алуу зарылчылыгы жөнүндө калктын социалдык аяр катмарларынын/алардын өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү кайрылууларынын болушу.
Кызматтардын алгачкы тизмесине жасалган экспертизанын негизинде Жумушчу комиссия Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун(1-тиркеме.)түзөт жана аны Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн айыл өкмөткө сунуштайт. Комиссиянын сунушу сунуш берүү мүнөзүндө болот жана бул сунуштарга Жумушчу комиссиянын отурумунун протоколу толтурулат.
Шаардык мэрия тарабынан кошумча тизменин долбоорун даярдоо
Шаардык мэрия Жумушчу комиссиянын сунуштарын карап, анын жыйынтыгы боюнча калктын муктаждыктарын жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, бул муниципалдык кызматты Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбооруна кошуу тууралуу чечим кабыл алат же себебин көрсөтүү менен бул кызматты кошумча тизмеге кошуудан баш тартат.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына, сайтка (эгерде бар болсо), ЖӨБ органынын маалымат такталарына жана коомдук жайларга (социалдык мекемелер, дүкөндөр, базарлар ж.б.) жайгаштыруу аркылуу калкка маалымдалат.
Акы алынган учурда макулдашуу
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбооруна кошулган муниципалдык кызмат үчүн акы алынса, айыл өкмөт бул акылуу кызматты Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА), Ведомстволор аралык комиссия (ВАК)жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга милдеттүү(аталган органдардан алынган корутунду бүтүмдөр да документтердин негизги пакетине тиркелип, жергиликтүү кеңешке берилет).
4-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн стандартын жана административдик регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору мыйзамдарда аныкталган тартипте тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында каралат жана анын чечими менен бекитилет.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна төмөнкү документтерди тиркөө менен шаардык мэрия жөнөтөт:
- арыз же жарандардын чогулушунун (жыйындардын) протоколу;
- муниципалдык кызматтарды алууга кызыкдар керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо менен, бул кошумча муниципалдык кызматтын зарылдыгы тууралуу маалымкат-негиздеме;
- муниципалдык кызматты акысыз негизде көрсөтүү үчүн керектүү жалпы бюджеттик чыгымдар;
- монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, муниципалдык кызматтын баасынын эсеби берилүү менен, муниципалдык кызматты керектөөчүлөргө акы алуу менен көрсөтүүнү негиздөө;
- жергиликтүү кеңештин чечиминин долбоору.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун кароо жана бекитүү баскычында ЖӨБ органдары (айылдык кеңеш, айыл өкмөт) Кошумча тизмеге бул топторго тиешеси бар кызматтарды кошууда калктын ошол ар түрдүү социалдык топторунун, тактап айтканда, калктын социалдык аяр катмарларынын, милдеттүү түрдө катышуусу үчүн чараларды көрөт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү мыйзамдарда каралган бардык эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен, бул кошумча тизме түзүлүп жаткандагы тартипте ишке ашат.
Муниципалдык кызматтардын стандартынын жана административдик регламентинин долбоорун КР Өкмөтү бекиткен Типтүү стандарттын жана административдик регламенттин негизинде шаардык мэрия иштеп чыгат. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жергиликтүү кеңеш бекиткенден кийин 30 күндөн кечиктирбестен, айыл өкмөт, шаардык мэрия Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу жана регламенттөө боюнча ишти уюштурат жана жетектейт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кирген муниципалдык кызматтардын стандартынын жана административдик регламентинин долбоорлорун ЖӨБдүн аткаруучу органы (шаардык мэрия) тиешелүү жергиликтү кеңештин бекитүүсүнө жөнөтөт, ал аларды мыйзамдарда аныкталган тартипте карайт жана бекитет.
5-бөлүм. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү жана бекитүү маселелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү
Эгерде кызматтарга карата сурамдарын берүүдө жана кароодо бул кызматтарды Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине себебин жана баш тартуунун негизин көрсөтпөстөн кошпогондуктан, жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулду деп эсептешсе, алар айыл өкмөттүн-шаардык мэриянын, кызмат адамынын, муниципалдык кызматкердин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата арыз менен тиешелүү айылдык- шаардык кеңешке түз кайрылууга укуктуу.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүүдө укуктары жана кызыкчылыктары бузулду деп эсептеген жарандын жана/же юридикалык жактын жазуу түрүндөгү арызын (сурамдарды кабыл алуудан баш тартуу, Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине кошуу боюнча негизделбеген баш тартуу ж.б.) алгандан кийин шаардык кеңеш бардык кызыкдар тараптардын өз ара макулдашуусу аркылуу талаш-тартышты чечүүгө карата чараларды көрөт.
Талаштуу маселелерди шаардык кеңеш сөзсүз түрдө талашып жаткан тараптарды, алардын өкүлдөрүн жана башка кызыкдар тараптарды катыштыруу менен карайт.
Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин кабыл алуу/бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин чечими менен макул болбогон учурда, жарандар жана/же юридикалык жактар мыйзамдарда аныкталган тартипте тиешелүү сотко кайрылууга укуктуу.
Төрага |
К.Дербишев |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын № 94 токтому менен бекитилди 2 Тиркеме |
№ | Жергиликтүү кеңештин чечими | Кызматтар-дын аталыштары | Кызматтарды стандартташты-рууга жооптуу органдын аты | Муниципалдык кызматты ишке ашыруучунун аты | Кызматты көрсөтүү шарттары (акылуулук же акысыздык) |
|
| Токтогул шаарынын мектептериндеги окуучулардын жайкы эс алуу лагерине алып барууда тоголок жетим балдарды, аз камсыз соцпаспорту бар үй бүлөөдөн мыкты окууган 8 окуучу балдарды эс алдырууга жарым акчасын төлөп алып барып келүүнү ишке ашыруу;
| Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз. |
|
| Тактама\маалымат катары –үй бүлөө мүчөсү, жашаган жери, малы жана салык төлөмдөр боюнча карызы жок\бар экенин тастыктаган тактама ДМЧ 1-2 топторго, ВОВ катышуучуларына жана жесирлерине, ЧАЭС, Афганистан, Баткен окуяларынын катышуучуларына, ошондой эле 70 жаштан жогорку пенсионерлерге, жана аз камсыз үй-бүлөөлөргө акысыз берилсин.
| Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз. |
| Тоголок жетим балдарга 1 мектеп окуучусу үчүн, мектеп формасы менен жана кышкы кийим менен акысыз камыздоо; | Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз. | |
| Аз камсыз болгон ДМЧларга турмуш шартына жана денсоолугуна байланыштуу шаар тургундарына 1000дон 3000 сомго чейин 1% резервдик фонддон жардам көрсөтүү. Ичүүчү суу үчүн акы төлөөдө ДМЧ 1- топтогу майыптарга 50 %, ал эми 2-топтогу майыптарга 30 % акы төлөөсү белгиленсин.
| Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз. | |
| Шаар ичиндеги эскилиги жеткен бак дарактарды кыркууда аз камсыз, багар көрөрү жок жарандарды жана жалгыз бой карыларга, 1-2- топтогу ДМЧларды кышка карата жыгач отун менен тизменин негизинде кезек түзүп мүмкүнчүлүктүн негизинде акысыз камсыздалсын. | Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз. | |
| 100 (жүз) жашка чыккан шаар тургундарын жылына бир жолу материалдык жактан сыйлоо.
| Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз. | |
| Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, ооруктун ардагерлерине, ЧАЭС, Афган, Баткен, 7-Арпель окуяларынын катышуучуларына жылына бир жолу материалдык жардам берилсин. | Токтогул шаардык мэриясы | Токтогул шаардык мэриясы | Акысыз |
Төрага |
К.Дербишев |