Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-марты №5/3
№16 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо окргунунан айылдык Кеңешинин депутаты Алишов Чолпонкулдун депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө
Чалма айыл Өкмөтүнүн 28.01.2017-жылдагы №4 буйругу менен Алишов Чолпонкул Сатыбалдыевич Чалма айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалгандыгына байланыштуу, айылдык Кеңештин депутаты Алишов Чолпонкул Сатыбалдыевичтин ыйгарым укугун токтотуу боюнча берген арызын карап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгу Мыйзамынын 22-беренесинин 1-пунктуна негиз Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 22-беренесинин 1-пунктуна негиз №1-16 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан айылдык Кеңештин депутаты Алишов Чолпонкул Сатыбалдыевичтин ыйгарым укугун токтотулсун.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 22-беренесинин 1-пунктуна негиз №1-16 мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан айылдык Кеңештин депутатынын бош ордуна кезектеги Жолдошов Сулайман Камаловичтин талапкерлигин каттап, токтомду бекитип берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А. Кадыркулов |