ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2016-жылдын 31 октябры № 47
Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы №248/08-6 катын карап, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорологиялык агенттигинин айлана чөйрөгө мониторинг жүргүзүү жана гидрометеорологиялык камсыздоонун аймактык башкармалыгынын 2013-2016-жылдардагы жылуулук сезону учурунда орточо температуранын фактысы боюнча көрсөткүчтөрүн негиз кылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2016-2017-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдоо» жөнүндөгү №215-токтомунун 2-пунктун жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы отурумунун №13-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына пландык эсептөөсүн Ош шаарынын акыркы 2013-2016-жылдардагы жылуулук берүү мезгилиндеги аба-ырайынын орточо температурасынын фактысы болгон +2,56°С менен эсептөөгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж.Ормонов |