ТоктомКүчүндө

Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 31-октябрындагы, № 47 «Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция31.10.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2016-жылдын 31 октябры № 47

Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына Ош шаарындагы аба-ырайынын орточо пландык эсептөөсүн 3 жылдык орточо температуранын фактысы менен эсептөөгө макулдук берүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы №248/08-6 катын карап, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорологиялык агенттигинин айлана чөйрөгө мониторинг жүргүзүү жана гидрометеорологиялык камсыздоонун аймактык башкармалыгынын 2013-2016-жылдардагы жылуулук сезону учурунда орточо температуранын фактысы боюнча көрсөткүчтөрүн негиз кылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2016-2017-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдоо» жөнүндөгү №215-токтомунун 2-пунктун жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы отурумунун №13-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оштогу муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасына пландык эсептөөсүн Ош шаарынын акыркы 2013-2016-жылдардагы жылуулук берүү мезгилиндеги аба-ырайынын орточо температурасынын фактысы болгон +2,56°С менен эсептөөгө макулдук берилсин.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.

 

Төрагасы

Ж.Ормонов