Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-октябры № 48
Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү жаңы көпүрөнү «Достук» көпүрөсү деп атоо жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 27-октябрындагы №444/08-6 катын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын жыйынынын 2016-жылдын 27-октябрындагы №2 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын геграфиялык аталыштары жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү жаңы көпүрө «Достук» көпүрөсү деп аталсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) көпүрөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |