Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-сентябры №42
Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 3 Протоколдук жыйынынын карап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 15 жаш айылынын тургундарынын арызынын жана жалпы депутаттардын сунушуна ылайык 15 жаш айылынын Ж.Примкулов атындагы орто мектебине шайлоо участкасын ачууга каршы эместиги эске алынсын.
2. 15 жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы орто мектебине шайлоо участкасын ачуу Өзгөн Аймактык Шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Рысбаевке тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И.Д. |
Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын
№ 3 ПРОТОКОЛУ | 23-июнь 2017-жыл. |
Жыйынга туруктуу комиссиясынын 3 мүчөсү катышты.
Күн тартибиндеги каралуучу маселе.
1. 15 жаш айылына шайлоо учаскасын ачуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рысбаев Жыргалбек төмөнкүлөргө токтолду:
Салам-Алик айыл аймагына караштуу 15 жаш айылы райондун борборунан 70 чакырым аралыкта жайгашып, чыгыш тарабынан орун алган эң алыскы айыл болуп эсептелет. Бул айылда 133 кожолукта 658 калк жашайт.
Шайлоочулардын саны 378 адамды түзөт. Бул шайлоочулар добуш берүү үчүн коңшу жайгашкан Ара-Көл айылындагы № 5102 “Ара-Көл” шайлоо участкасына барып шайлоодон өтүшөт. 15 жаш айылынын тургундары үчүн Ара-Көл айылындагы шайлоо участкасына баруу үчүн 14 чакырымдан ашуун жолду басып өтүүгө туура келет. Тактап айтканда 15 жаш айылындагы шайлоочулар 6 чакырымды, айылдын Беш-Терек участкасындагы шайлоочулар 10 чакырымды, Кара-Дөбө участкасындагы шайлоочулар 14 чакырым жолду, кайра кайткан жолду кошкондо 28 чакырым жолду басып өтүшөт. Жаан-чачындуу жана жайдын ысык аптап күндөрүндө, кыш-чилдеде кары-картаң улгайган адамдар, балалуу келиндер, ооруп сыркагандар үчүн мынчалык узак жолду басып өтүү бир канча кыйынчылыктарды жаратат. Жолдун узактыгынан көпчүлүк тургундардын мүмкүнчүлүктөрү жетишпей, шайлоого катышууну толук камсыз кыла албай келишет. Мындай оор абал мамлекетибиздин келечегин тандоону жана саясий өнөктөштүктү өткөрүүгө терс таасирин тийгизип келет.
Ошондуктан табигаттын катаал күндөрүн жана жолдун узактыгын эске алуу менен шайлоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана шайлоого толук катышууну камсыз кылуу максатында 15 жаш айылына шайлоо участкасын ачып алалы. Шайлоо участкасы үчүн айылдагы Ж.Примкулов атындагы орто мектеби толук шарты менен ылайыкталган.
Урматтуу комиссия мүчөлөрү, бул маселе мурунку өткөн жылдардан бери эле сөз болуп, көпчүлүк тарабынан сунуштар айтылып келет.
Комиссияя курамы бул сунушту толук колдошуп, бир добуштан 15 жаш айылынын Ж.Примкулов орто мектебине шайлоо участкасы ачылсын деген сунуштарын беришти.
Туруктуу комиссия жогорудагы маселелерди карап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы элдин сунушун жана суранычын карап 15 жаш айылынын Ж.Примкулов атындагы орто мектебине шайлоо участкасы ачылсын.
2. Элдик жыйында айтылган элдин суроо-талабы жана шайлоо участкасын ачуу боюнча жыйында айтылган сын-сунуштары, өтүнүчтөрү жана каалоолору эске алынсын.
3. 15 жаш айылынын Ж.Примкулов орто мектебине шайлоо участкасын ачуу боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин жалпы депутаттарынан суралсын жана шайлоо участкасын ачуу боюнча токтому Өзгөн Аймактык Шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алууну өзүмдө калтырамын.
Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы | Ж. Рысбаев. |