Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы №1
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылган) биринчи сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты (жашы боюнча эң улуу) | Мадусманов В. |
Кызыл-Кыштак
айылдык кеңешинин
2017-жылдын 10
-январындагы №1-
токтому менен бекитилген
«Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин» Регламенти
I. Жалпы жоболор.
«Кызыл-Кыштак атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңеши» (мындан аары- Айылдык Кеңеш) -Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кеңештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
1.1. Айылдык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөрү жана штампы болот.
Айылдык Кеңештин Регламенти, айылдык Кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кеңештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 29 жана 29-1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык экономикалык өнүктүрүүн жана калктын социалдык жактан коргоонун айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу;
- Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
- Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен бошотуу;
- Айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөн экисинин көпчуүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;
- Айылдык кеңештин төрагасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу;
2.2. Пугкттун 4,5 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллетень менен өткөрүлөт. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулат.
III. Айылдык кеңештин биринчи сессиясы.
3.1. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясы мурда шайланган кеңештин төрагасы же депутаттардан түзүлгөн демилгелуу топ аркылуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясын карыя депутат ачат.
3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынан көбү сессияга катышкан учурда айылыдк Кеңештин сессиясы өз ишин баштоого укуктуу.
3.3. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кеңештин регламентин, төрагасын, орун басарын шайлоо, жаңы Кеңештин структурасын түзүү жана Кеңештин ишине тиешелуу зарыл маселелер талкууга коюлат.
3.4. Төраганы шайлоо айылыдк Кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.
3.5. Төраганын орун басары айылдык Кеңештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берууну уюштуруу тартиби.
4.1. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт ( төрагасын, орун басарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүүн жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз өзүнчө добуш беруусун камсыз кылат. Эсептоо комиссиясы тарабынан жашыруун добуш беруунун эрежелери толук сактоолору милдеттуу. Добуш берууну баштоонун алдында эсептоо комиссиясы добуш беруунун тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кеңештин торагсына корсотулгон талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш беруунун жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептоо добуш бериген жайда жургузулот.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка өздук документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир кандидатура боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулган бюллетенде» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептоо комиссиясынын токтому тузулуп, сессияда бекитилет.
4.7. Айылдык Кеңештин торагасына корсотулгон талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын копчулук добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кеңештин торагасы болуп торт жылыдк моонотко шайланат.
4.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептоо комиссиясы жүргүзөт.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын копчулук добушуна ээ болгон айылдык Кеңештин депутаты Төраганын орун басары болуп шайланат.
4.10. Айылдык кенштин төрагасы жана орун басары өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен төрага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4.11. Айылдык кеңештин торагасы өзунун милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык Кеңештин сессиясы.
5.1. Кеңештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес откорулот.
5.2. Кеңештин торагасы сессия откоруло турган куну, убактысы, кун тартиби жана сессия отучу жай тууралуу беш кундон кечиктирбей кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кеңештин депутаттарына уч кундон кечиктирбей таратылат.
5.3. Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин торагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 болугунун сунуш менен чакырылат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу турундо карала турган маселелерди корсотуу менен кезексиз сессияны откоруу зарылдыгы тууралуу Кеңештин торагасына берилет.
5.5. Иш план боюнча Кеңештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кеңештин чечими же Кеңештин торагасынын буйругу менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо учун депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын окулдорунон турган жумушчу топ тузулушу мумкун.
5.7. Кезектеги сессиянын кун тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш кундон кечиктирбей кеңештин катчысына жазуу турундо берилиш керек.
5.8. Айылдык Кеңештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын копчулук добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык Кеңештин сессиясы коомчулук учун ачык ар бир жаран айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык Кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны откоруу жонундо чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана кун тартиби жонундо жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды корууго, алардын сессияларга кируусу учун баарык шарттарды тузууго, ошондой эле корулгон чаралар тууралуу Жергиликтүү жамаатка маалымдоог милдеттуу.
VI. Айылдык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары.
6.1. Айылдык Кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлоо максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептоо комиссиясынан, башка да комиссия тузулот. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын копчулугунун добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретариаты айылдык Кеңештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жургузушот. Суйлоочулорду, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелуу материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына көзомолдук жүргүзөт, депутаттарга тушундурмо берет.
6.3. Секретариат айылдык Кеңештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш кундун ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Сессиянын кун тартиби жана иштоо тартиби.
7.1. Сессиянын кун тартиби жана иштоо тартиби айылдык Кеңештин торагсы тарабынан сунушталат.
7.2. Кун тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан кун тартипке иштоо тартибине өзгортуу киргизу же кошумча маселе сунуш кылышс, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитуусуно сунуш кылынат.
VIII. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери.
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзунун талапкерлигин сунуштоого;
8.2. Кун тартиби, иштоо тартиптери боюнча сунуштарды берууго, аны добушка койдурууга;
8.3. Сессиянын токтомдоруна өзгортуулорду жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселер боюнча мекеме, ишка жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторунугуунун кун тартибине киргизууну сунуштоого;
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдоо, текшеруу жургузуу учун сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;
8.6. Сессиянын Регламентин жана иштоо тартибин толук сактоого;
8.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирууго жол берилбейт);
8.8. Сессиянын ишине активдуу катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзунун жеке пикирин сактоо менен добуш берууго.
IХ. Кеңештин чечимдери.
9.1. Кеңештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын копчулук добушу менен туруктуу комиссияларынын өзгортуу жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизу жонундо чечимдерди кабыл алат.
9.3. Сессиянын журушундогу маселелер боюнча Кеңеш токтом турундо кабыл алат жана токтомго Кеңештин торагасы кол коңт.
9.4. Кеңештин депутаты Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жузундо же оөзеки билдируусу Кеңештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын копчулук добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кеңештин чечимин бастырып чыгаруу, Кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзомолдоо Кеңештин аппаратына жуктолот.
9.7. Айылыдк Кеңештин чечими айыл Округдун аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттуу.
9.8. Кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо кучун жоготту деп табылышы мумкун.
Х. Айылдык Кеңештин торагасы.
10.1. Кеңештин сессиясын чакырат жана торагалык кылат. Кеңештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коңт, аларга көзомолдук кылат.
10.2. Жарандардын айылдык Кеңешке кайрылган арызы, даттанууларын карайт.
10.3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жонундо жогорку органдарга расмий отунуч жасайт.
10.4. Кеңештин регламентинин сакталышын көзөмөлдөйт.
10.5. Кеңештин протоколуна токтомдоруна жана башка документтерине кол коңт.
10.6. Кеңештин торагасынын орун басарына талапкерди шайлоого сунуш киргизет.
10.7. Айыл окмотунун, айылдык Кеңештин жооптуу катчысы өзунун милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга, айыл окмот башчысна сунуш кылууга укуктуу. Кызматка алуу жагы «Муниципиалдык кызмат жонундо» мыйзамга ылайык, айылдык кеңештин торагасынын макулдугу менен жүргүзөт.
10.8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде Кеңешке жуктолгон милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.
10.9. Айылыдк Кеңештин торагасы, өзунун милдетин кезектеги моонотко жаныдан чакырылган Кеңештин биринчи сессиясына чейин аткарат.
ХI. Айылдык Кеңештин торагасынын орун басары.
11.1. Төраганын орун басары Кеңештин торагасы жок болуп калган жана торага өз функцияларын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурлрда Кеңештин торагасынын милдетин аткарат.
11.2. Айылдык Кеңештин торагасынын орун басары өзунун милдетин коомдук башталышта аткарат.
ХII. Кеңештин жооптуу катчысы.
12.1 Айылдык Кеңештин катчысынын милдетин айыл Өкмөтүн жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштуу маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айылдык Өкмөтүн катчысы айылдык Кеңешинин сессиянын протоколун жүргүзөт. Кеңештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык Кеңешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелуу чара кору менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кеңешке тушкон документтердин эсебин жүргүзөт.
12.8. Кеңештин сессиясын материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын окулдору жана башка тиешелуу адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.
12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары.
13.1. Жергиликтүү Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу учун тузулот. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да тузулсо болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби Жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын моонотунун ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды тузот, мурда тузулгондорун таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгортуулорду киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелуу Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен тузулот. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин торагасы жана орун басары шайланышы мумкун эмес.
Туруктуу комиссиялар тораганы шайлайт. Комиссиялар өзунун ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиисяларды тузо алат.
Туруктуу комиссиянын жана кеңештин торагасынын сунушу боюнча тиешелуу кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгортуулорду киргизет.
Комиссия мучолорунун ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын отунучу боюнча, ошондой эле ал өзунун милдеттерин аткарууга мумкундук болбогон жагдайларга байлныштуу моонотунон мурда токтотушу мумкун.
Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, Жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзунун ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзунун компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелуу чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдуу чарбачыл ишине кийлигишууго укуксуз.
13.2. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары:
- кеңештин кароосуна киргизилуучу экономикалык, социалдык жана тиешелуу улуттук маданий онугууго байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелуу аймактын социалдык-маданий жана ондуруштук инфраструктурасын онуктуруу, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
- өзунун аймагын экономикалык жактан онуктуруунун жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарлышы жана бюджеттин толтурулушу жонундо отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздорунун сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
- Жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынгн чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелуу кеңештин регламенти аркылуу сунуштлган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзунун карамагына кирген маселелер боюнча Жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелуу аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтүү кеңештин турукутуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш беруучу добуш укугу менен ушул комиссияларга мучо болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле Жергиликтүү кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мучолору бирдей укуктардан пайдаланышат.
ХIV. Айылдык Өкмөтүн башчысын шайлоонун тартиби.
Негизги жоболор.
14.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл Өкмөттүн (мындан ары-Айыл округ) башчыларын шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-берене жана ушул Жобо менен жонго салынбаган айылдык Округ башчысын шайлоонун тартиби айылдык Кеңештин регламенти менен аныкталат.
14.2. Айылдык Округ башчысы тийиштуу айылдык Кеңештердин депутаттары (депутаты) тарабынан анын чакырылышы моонотуно карата жашыруун добуш беруу аркылуу шайланат.
14.3. Айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго, айылдык Кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким) укуктуу.
14.4. Аракетке жондомдуу, жогорку билимдуу жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим беруу, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке менчик турундогу чарбакер субөекттерде жетекчи кызматтарда уч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айылдык округдун башчысы боло алат.
Кылмыш кылгандыгы учун соттолгон жана соттолгондугу жоюулганына, мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынганына карабай Кыргыз Республикасынын жараны айылдык Округдун башчысы боло албайт.
14.5. Айыл окмотунун башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айылдык кеңештин биринчи жыйналышынын кунунон тартып 10 календардык кундон кечиктирбестен дайындалат.
Айыл окмотунун башчысы ээлеген кызматынан моонотунон мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун тузулгон кундон тартып 10 календардык кундон кечиктирбестен айыл окмотунун башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл окмотунун башчысы айылдык кеңештин чакыруу мооноту аяктаганга чейин 90 каландардык кун калганда ээлеген кызмат ордунан моонотунон мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаны шайланган айыл кеңешинин биринчи жыйналышы отконго чейин айыл окмотунун башчысын шайлоо дайындалбайт.
Айыл окмотунун башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган кундон тартып 20 календарлык кундун ичинде откорулот.
Айыл окмотунун башчысын кызмат ордунан моонотунон мурда бошотулган учурда аким жаны айыл окмоту шайланганага чейин өзунун акты менен айыл окмотунун милдетин аткаруучуну дайындай алат.
14.6. Айылдык Округдун башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган кундон тартып 25 календардык кундун ичинде откорулот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окулдору тиешелуу аймактык шайлоо комиссияларында айылдык Округдун башчысын шайлоону жана откорууну координациялоону жургузушот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын торагасы айылдык Округдун башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жургузуу учун тийиштуу аймактык комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мучосун жиберууго укуктуу.
14.7. Айылдык Округдун башчысын шайлоо Жергиликтүү Кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш беруу аркылуу ишке ашырылат. Айылдык Округдун башчысын шайлоо эгерде ага айылдык Кеңештин депутаттарынынжалпы санынын учтон экисинен кем эмес катышса болду деп эсептелинет. Айылдык Округдун башчысын шайлоону откоруу жол-жобосу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49 беренесине, ушул Жобого жана Жергиликтүү Кеңештин Регламентине ылайык ишке ашырылат.
14.8. Шайланган айылдык Округдун башчысына тиешелуу аймактык комиссиясы тарабынан куболук берилет. Куболуктун формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
14.9. Бул Жобону бузу шайлоону жарксыз деп табууга алынып келет.
ХV. Айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби.
15.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсоткон субөект тарабынан каттоо учун шайлоо кунуно чейин 5 жумуш кунунон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына томондогудой документтер сунушталат:
1) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотуу жонундо чечим.
2) ат салышууга жонундо талапкердин арызы.
3) фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, иштеген жерин, ээлеген кызматы (кызматынын турун) жана турган жерин корсотуу менен талапкердин омур баянынын маалыматтары.
4) ушул Мыйзамдын 42 - жана 48 – беренесинлеринин талаптарын тастыктоочу тийиштуу документтер.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган кундон тартып 3 календарлык кундун ичинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотуунун тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жонундо – чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жонундо жуйолоштурулгон чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы ушул талапкерди каттоого тоскоол болуучу талапкердин документтериндеги шайкеш келбестикти тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол шайкеш келбестиктер жонундо талапкерди корсоткон субөектиге кабар билдирууго милдеттуу. Талапкерди корсоткон субөект кабар алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгортуулорду киргизип, тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына ондолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
Талапкерди каттоодон баш тартуу чечим кабыл алынган учурда тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди корсоткон субөектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин кочурмосун берууго милдеттуу.
Талапкерлерди каттоодон баш тартууга томондогулор негиз боло алат:
1) ушул Мыйзамда каралган корсотуунун тартиби сактлбашы.
2) Талапкерде пассивдуу шайлоо укугунун жоктугу.
3) Талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги
4) Талапкерди корсоткон субөектин ушул берененин 1-болугундо корсотулгон бардык зарыл документтерди бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жонундо чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мумкун.
Тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерди каттагандан кийин эки календардык кундун ичинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону уюштурат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары жай беруу, добуш беруу учун кабиналарды, добуш беруу учун укокторду орнотуу жана шайлоону откорууго байланыштуу башка маселелерди чечуу жолу менен аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону откорууго комок корсотууго милдеттуу.
15.2. Талапкер кайсы учурда болбосо да бирок добуш берууго чейин эки кун калгандан кечиктирбестен бул тууралуу тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жузундо арыз берип, шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонундо чечим кабыл лууга милдеттуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди корсотууго укугу бар субөкт кайсы учурда болсо да добуш берууго чейин эки календардык кундон кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жузундо тиешелуу арыз берип, таапкерди чакыртып алууга да укуктуу. Мындай учурда субөект тарабынан корсотулган талапкерди каттаган тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жонундо чечим кабыл алууга милдеттуу.
ХVI. Шайлоону уюштуруу.
16.1. Айылдык Округдун башчысын шайлоону уюштуруу учун добуш беруу кунуно мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирбестен тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын торагасы жана эки мучосу тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын окулу жана айылдык Кеңештин окулу болуп эсептоо комиссиясы тузулот.
Эсептоо комиссиясы өз отурумунда курамынан тораганы жана катчысы шайлоо жонундо чечим кабыл алат жана тиешелуу протокол тузулуп, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык Жергиликтүү Кеңешке кабарланат.
16.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколдорун жургузууну уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
16.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мору менен куболондурулот жан ага эсептоо комиссиясынын мучолору кол коңт.
16.4. Бюллетенге айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
16.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш беруучу жайды беруу, ал учун кабиналарды, укокторду орнотуу жана шайлоону откорууго байланыштуу башка маселелерди чечуу аркылуу шайлоону уюштурууга комоктошуусу милдеттуу.
16.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелуу айылдык Кеңештин торагасы тартат.
16.7. Добуш беру жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
ХVII. Шайлоону откоруу жана добуш берунун тартиби.
17.1. Айылдык Округдун башчысын шайлоо атайын болунгон болмодо откорулот.
17.2. Добуш беруунун алдынд добуш беруу укоктору эсептоо комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, моор басылып бекитилет.
17.3. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар учун добуш берууго жол берилбейт.
17.4. Добуш беруучу укокту ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш беруунун аякташы эсептоо комиссиясынын торагасы тарабынан жарыяланат.
17.5. Добуш бреуучу укокту ачууга добуш беруу аяктаганга чейин тыюу салынат.
ХVIII. Айылдык Округдун башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.
18.1. Добуш беру аяктагандан кийин эсептоо комиссиясы добуш беруунун жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептоо комиссиясынын мучолору тарабынан гана жургузулот жана добуш беруучу болмодо тыныгуусуз откорулот.
18.2. Эсептоо комиссиясынын мучолору пйдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана булл туурасында добуш беруунун жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.
18.3. Жараксыз бюллетендер өзунчо эсептелет жана алар туурасында добуш беруунун жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдируусун аныктоо мумкун болбогон, тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясынын мору бсылбаган, эсептоо комиссиясынын мучолорунун колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
18.4. Добуш беруучу укоктогу бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берууго катышкан депутаттардын жалпы санын, айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна талапкер учун берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
18.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш беруунун жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мору менен куболондурулот жана ага эсептоо комиссиясынын мучолору кол коңт.
18.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептоо комиссиясынын торагасы дароо айылдык Кеңештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш беруунун жыйынтыгын жары кылат жана айылдык Кеңештин сессиясынын бекитуусуно протоколго киргизет.
18.7. Тиешелуу айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
18.8. Добуш беруунун жыйынтыгы жонундо протоколду айылдык Кеңеш бекиткенден кийин тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы анын мучосун райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.
18.9. Эки талапкер катталса жана алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, кобуроок добуш алган эки талапкербоюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
- экиден ашуун талапкер катталса жан алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун алалбаса, кобуроок добуш алган эки талапкер боюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири кобуроок сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса кобуроок сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш беруунун экинчи туру откорулот.
18.10.Добуш беруунун экинчи туру ушул жобонун 26-38 пункттарында белгиленген тартипте откорулот.
18.11. Айылдык Округдун башчысын шайлоонун жыйынтыгы жонундо билдируу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
ХIХ. Айылдык Округдун башчысын кайрадан шайлоо.
19.1. Эгерде айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айылдык Округдун башчысына кайра шайлоо откорулот, эгерде биринчи турда айылдык Округдун башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тен депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айылдык Округдун башчысына кайра шайлоо откорулот, эгерде биринчи турда баардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо откорулот.
19.2. Эгерде «баардык талапкерлерге каршы» пөзициясы учун талапкерлерге караганда депутаттар коп добуш беришсе кайра шайлоо открулот.
19.3. Эгерде добуш берууну кунуно карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шйлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо окторулот.
19.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айылдык Округдун башчысы шайланбай калган кундон тартып 3 календардык кундун ичинде кайра шайлоону дайындайт.
19.5. Жаны талапкерлерди корсотуу менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган кундон тартып 15 календардык кундон кечиктирбестен откорулот.
19.6. Эгерде шайоо кворум жоктугунан болбой калса Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык кундун ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча откорулот.
19.7. Айылдык Округдун башчысын кайра шайлоо ушул жобонун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте откорулот.
ХХ. Айылдык Округдун башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери.
20.1. Тиешелуу айылдык Кеңештин депутаттары тарабынан айылдык округдун башчысы белгиленген моонотто шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Жергиликтүү Кеңешке моонотунон мурда шайлоону дайындайт.
20.2. Райондун акими өзунун буйругу менен жаны айылдык Округдун башчысы шайланганга чейин айылдык Округдун башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.
ХХI. Убактылуу комиссиялар.
21.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды тузуусу мумкун.
21.2. Убактылуу комиссия берилген мооноттуу сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
21.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
21.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жургузулот.
ХХII. Кеңештин көзомолдук жургузуу боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.
22.1. Кеңештин көзомолдоо ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кеңештин торагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эн башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.
22.2. Кеңеш өз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин туруно карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттуу.
ХХIII. Жергиликтүү Кеңештин сандык курамы.
23.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негиз 21 депутатты тузот.
ХХIV. Депутаттык мандат.
24.1 Депутаттык мандат тош белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын торагасы кол койгон куболук менен ырасталат.
24.2. Депутаттык мандатты токтотуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 24-беренесине негиз жургузулот.
ХХV. Регламентти бекитуунун, өзгортуулорду, толуктоолорду киргизуунун жана жоюнун тартиби.
25.1. Депутаттар тарабынан Регламентке өзгортуу, толуктоо киргизууго сунуш бере алат.
Сунуштар атайын тузулгон жумушчу топто каралат.
25.2. Айылдык Кеңештин Регламентин, типтуу Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясында бекитууго коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын копчулук добушу менен кабыл алынат.
25.3. Айылдык Кеңеш Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ишмердүүлүгүн токтотот.