Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 50/9-7
“Токтогул ГЭСтер Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө ”
Токтогул ГЭСтер Каскадынын директору А.К.Кушубаковдун Токтогул ГЭСтер Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтерин бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2- бөлүгүнүн 14-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-жылдагы № 72/21-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтогул ГЭСтер Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө тарифтери тиркемелерге ылайык бекитилсин. ( тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М. Еркеев), Токтогул ГЭСтер Каскадына ( А.К.Кушубаков), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Н. Кыргызалиев |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 20. 09.2017- жылдагы IX сессиясынын № 50/9-7 токтомуна 1-тиркеме |
№ | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Өлчөм бирдиги | Тарифтери( сом менен) |
1 | Суу менен камсыздоо: | М3 | 3,50 |
| Өзү агуучу түтүктөн сордуруу менен | М3 | 2,70 |
| Өзү агуучу түтүктөн сордуруусу жок | М3 | 2,20 |
2 | Саркынды сууларды кетирүү | М3 | 2,35 |
3 | Суу менен камсыздоочу инженердик түйүнгө курулуш объектини кошуу кызматын көрсөтүү | Иш/саат | 359,08 |
4 | Саркынды сууларды кетирүүчү инженердик түйүнгө курулуш объектини кошуу кызматын көрсөтүү | Иш/саат | 363,5 |
Аппарат жетекчиси | И.Нурматова |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 20. 09.2017- жылдагы IX сессиясынын № 50/9-7 токтомуна 2-тиркеме |
№ | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Өлчөм бирдиги | Баасы ( сом) | Эскертме |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Суу менен камсыздоо: | м3 | 3,50 |
|
| Короо колонкаларынан сууну керектөө | 1 жашоочуга | 6,30 |
|
| Суу түтүктөрү, ваннасы жок канализация менен сууну керектөө | 1 жашоочуга | 10,50 |
|
| Суу түтүктөрү, ванна жана ажаатканалуу канализация менен сууну керектөө | 1 жашоочуга | 17,30 |
|
| Суу түтүктөрү, ванна жана бөлөк ажаатканалуу канализация менен сууну керектөө | 1 жашоочуга | 22,00 |
|
2 | Саркынды сууларды кетирүү | м3 | 2,35 |
|
| Суу түтүктөрү, ваннасы жок канализация менен саркынды сууларды кетирүү | 1 жашоочуга | 7,00 |
|
| Суу түтүктөрү, ванна жана ажаатканалуу канализация менен саркынды сууларды кетирүү | 1 жашоочуга | 11,60 |
|
| Суу түтүктөрү, ванна жана бөлөк ажаатканалуу канализация менен саркынды сууларды кетирүү | 1 жашоочуга | 14,80 |
|
3 | Катуу таштандылар 1 м3 108 сом | 1 жашоочуга | 10,80 |
|
4 | Суюк таштандылар 1 м3 108 сом | 1 жашоочуга | 10,80 |
|
5 | Батирлерди техникалык тейлөө | Жалпы аянттардын 1 м2 | 1,20 |
|