КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 36-заседаниясы
2016-жылдын 19-августу № 36/9
Кең-Жылга айылынын Сай участкасынын көчөсүнө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Сай участкасындагы Орозалиев Алтынбек Капаровичтин үйүнөн баштап, Ибраимов Медербек Тилдебаевичтин үйүнө чейинки аралыкты мамлекеттик кызматта көп жыл иштеп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Раимкулов Жанибек атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең- Жылга айылынын Сай участкасындагы Орозалиев Алтынбек Капаровичтин үйүнөн баштап, Ибраимов Медербек Тилдебаевичтин үйүнө чейинки аралыкты мамлекеттик кызматта көп жыл иштеп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Раимкулов Жанибек атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |