Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 37/3
1-Май айылынын көчөлөрүнө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы Шерикбаев Жаанбайдын үйүнөн баштап, Кочкорбай уулу Тимурландын үйүнө чейинки аралыкты мамлекеттик аскер кызматында үзүрлүү иштеп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Жээналиев Артур Айтбаевич атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылындагы Шерикбаев Жаанбайдын үйүнөн баштап, Кочкорбай уулу Тимурландын үйүнө чейинки аралыкты мамлекеттик аскер кызматында үзүрлүү иштеп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Жээналиев Артур Айтбаевич атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |