Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 37/4
1-Май айылындагы көчөлөргө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылындагы Тайгараев Жолдубайдын үйүнөн баштап, Маданов Көчкөнбайдын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жетибаев Мадан атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылындагы Тайгараев Жолдубайдын үйүнөн баштап, Маданов Көчкөнбайдын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Жетибаев Мадан атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |