Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 37/5
1-Май айылындагы Тынай участкасынын көчөлөрүнө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын Тынай участкасындагы Анаркулов Эшманбеттин үйүнөн баштап, Примбаев Койлубайдын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шадыбеков Асан атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылынын Тынай участкасындагы Анаркулов Эшманбеттин үйүнөн баштап, Примбаев Койлубайдын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Шадыбеков Асан атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |