Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 37/7
Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, көчөгө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, Эркебаев Орунбайдын үйүнөн баштап, Кеңешбаев Сталбектин үйүнө чейинки чоң жолдун үстүнкү аралыгы (Р.Алтымышовдон Арал мечитинен жогору жагы) (Т.Жетимишовдон Н.Даиевден төмөн жагы) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Данияров Бердикожо атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын Доскул, Мукур-2 участкаларын бириктирип, Эркебаев Орунбайдын үйүнөн баштап, Кеңешбаев Сталбектин үйүнө чейинки чоң жолдун үстүнкү аралыгы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Данияров Бердикожо атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |