Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 37/9
Кең-Жылга айылынын Мукур-1 участкасынын көчөсүнө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Мукур-1 участкасына Орозалиев Тойгон, Суранбаев Адилеттин үйүнөн баштап, Токтобаев Кутбидиндин үйүнө чейинки аралык эмгек ардагери Токтобаев Айти ажы атындагы көчө деп атоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын Мукур-1 участкасына Орозалиев Тойгон, Суранбаев Адилеттин үйүнөн баштап, Токтобаев Кутбидиндин үйүнө чейинки аралык Токтобаев Айти ажы атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |