Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин кезексиз 19-сессиясы (5-шайланган)
2016-жылдын 4-марты № 7
Аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Папан айыл аймагынын Ак-Буура айылынын 2016-жылдын 28-февралындагы протоколунун негизинде, Ак-Буура № 4 айылынан өтүүчү жаңы көпүрөдөн баштап 3-көчөсүнө Акбура Калбаевдин атын коюу боюнча сунушутарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын Ак-Буура айылынын 2016-жылдын 28-февралындагы протоколунун негизинде, Ак-Буура № 4 айылынан өтүүчү жаңы көпүрөдөн баштап 3-көчөсүнө Акбура Калбаевдин аты коюлсун.
2. Көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү талапка ылайык абалга келтирүу Акбура Калбаевдин балдарына милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткырылыш камсыз кылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Исмаиловко милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |