Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин кезексиз 19 сессиясы (5-шайланган)
2016-жылдын 4-марты № 8
Жайыт комитетинин 2016-жылга карата иш-планын жана болжолдуу бюджетин кароо жөнүндө
Папан айыл аймагындагы Жайыт комитетинин 2016-жылга карата иш-планын жана болжолдуу бюджетин бекитүү боюнча сунушутарды карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагындагы Жайыт комитетинин 2016-жылга карата иш-планы жана болжолдуу бюджети тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткырылыш камсыз кылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Исмаиловко милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |
Жайыт пайдалануучуларга төмөндөгүлөр:
Өзүнө бөлүнүп берилген жайытка гана мал-жандыктарын жаюусу;
Мал-жандыктарын ветеринардык эмдөөдөн өткөрүүсү,жайытты пайдаланылууда сарамжалдуу пайдаланууну жайыт кыртышын бузбоону;
Жайытка чыгуусунан мурда алдын ала ЖКне кайрылуусу;
Жайыт билет алууда жайыт төлөмүн 30% алдын ала төлөсү;
Жайыт пайдаланууда көргөзүлгөн келишимдеги графикти сатоону милдеттендирилсин.
Айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспекторуна жеке ветсервизтер мал-жандыктары
Жайытка чыкканга чейин бардык эмдөөдөн өткөрүүсүн милдеттендирилсин.(аныктама ар бир малдын ээсине жазып берүүсү шарт).
- Мал-жандыктарды каттоодо айыл башчылар көзөмөл жүргүзсүн.
- Жайыт төлөмүнүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
Бир шарттуу мал башына эсеп менен 125сом тариф белгиленсин.Сырттагы АО дан
Келгенжайыт пайдалануучуларга эки эссе тарифде белгиленсин.
Уруксатсыз мал-жандыктарын жайытка алып чыккан адамдарга 1000 сомдон 3000сомго
Чейин жазана белгиленсин.
Жайыт төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөн учурда 0,2% ден 0,5% өлчөмүндө пеня белгиленсин.
Жайыт жердеги уруксат берилген жерден шагыл,кум жана топурак алып чыккан учурда ар бир м3 жүк үчүн 50сомдон,кышкы тоют камдоого 1га үчүн 500сомдон,башка АО тургундары учун 1000сом төлөм белгиленсин.
Баг-Арча жайытында боз үй тигип туризим уюштурулуп ар бир кирген автоунаа учун 100сомдон толом белгиленсин,тазалыкты сактоо жайыттын бузуусуна жол бербоо жагы уюштуруучуга милдеттендирилсин.
- жайытта мал-жандыктарын берүүчүлөр менен жайыт пайдалануучунун ортосунда келишим түзүлүп,келишимде төмөнкүлөр камтылсын:
Келишим түзү учурунда малдын жашы,тусу,салмагы,табырасы,жынысы,малдын орточо базар басы көргөзүлсүн.
Мал багуучуга мал багуудагы эмгек акысынын ичинде жайыт төлөмү кошо айыл кенешинин сессиясында бекитилген токтом негизинде коэффицент менен бир шарттуу малга бир айга 500сом берилсин.
Келишим эки нускадан түзүлүп,малдын ээсине мал багуучуда бирден нуска болушу шарт.
Мал-жандыктар өлгөн же жоголгон учурда ветеринардык инспектор жана жайыт комитетинин мучолору,депутаттардан катышкан комиссиянын актысы тиркелсин жана ушул комиссияны чечими менен мыйзам аркылуу токтомдо көргөзүлсүн пунктардын негизинде ишке ашырылсын.
- Көк-Дөбө жайытында кийинки жылдарда жердин кыртышы,мал-жандыктары көп болгондуктан деграцияга дуушар болуп,бузулганын эске алуу менен бул жайытка башка айыл аймактарынын мал-жандыктарынын Ташбулак жайытына мал жандыктарды киритпей эс алдыруу жолго коюлсун.Майда жандыктар алыскы Кожо-Келен жайытына 25-майдан баштап көчүрүлсүн.
- Алыскы жайлоого көчүрүүнү ЖК курамы,айыл өкмөтүнүн адистери ветеринария кызматкерлери жана милиция кызматкерлери катышкан топ түзүлүп Ош лесхоздун жайлоосуна мал жэайууга шарт түзүлсүн.ЖКнин финансылык шарты жетишсиз болгондуктан көчүрүү учурунда күйүүчү май,транспорт жумушту топтун каражаттары Папан АОнун бюджетинин каралсын.
- Жайыт комитетине Папан участогунун Кожо-Келен участогунун жана башка участогундагы баруучу жолдорго кириш жерине контролдук тейлоо-каттоо посту куруу жүктөлсүн.
- Баг-Арча жайытынын аянттарына туризм негизинде ар бир кирген автоунаага 100сомдон тариф белгиленсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Папан АО нун жайыт комитетинин төрагасы М.Балтабаевге жүктөлсүн.
- Көзөмөлдөө жагы Папан айыл округунун башчысынын орун басары К.Мияшевге милдеттендирилсин.
Жайыт комитетинин төрагасы |
М. Балтабаев |