Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 1
Айылдык аймактык кеңишинин регламентин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын үчүнчү сессиясы, айылдык аймактык кеңешинин регламентин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймактык кеңешинин регламенти бекитилсин. (регламент тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Акматовага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын үчүнчү сессиясында жактырылып кабыл алынды.
03.02.2017-ж. Миң-Булак айылы.
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
I – БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава.
Миң-Булак айылдык аймактык кеңеши.
2-глава.
Айылдык аймактык кеңештин депутаттарынын компетенциясы.
II – БӨЛҮК
Айылдык аймактык кеңештин структурасы жана органдары
3-глава.
Айылдык аймактык кеңештин төрагасы жана айылдык аймактык кеңештин төрагасынын орун басары
4-глава.
Айылдык аймактык кеңештин жооптуу катчысы
5-глава.
Айылдык аймактык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III – БӨЛҮК
Айылдык аймактык кеңештин ишинин жалпы тартиби
6-глава.
Айылдык аймактык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы
7-глава.
Айылдык аймактык кеңештин сессиясынын күн тартиби жана ишти пландаштыруусу
8-глава.
Айылдык аймактык кеңештин сессиясында маселелерди даярдоо жана кароо тартиби
9-глава.
Айылдык аймактык кеңештин токтомдорунун долбоорлорун кароо тартиби
10-глава.
Айылдык аймактык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары жана айылдык кеңештин ишмердигин камсыздоо
11-глава.
Айылдык аймактык кеңештин депутатынын сессия учурундагы укугу жана милдети
12-глава.
Коомдук угуулар
IV – БӨЛҮК
Айылдык аймактык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоонун жол-жобосу жана тартиби
13-глава.
Айылдык аймактык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына талапкерлерди көрсөтүү тартиби
14-глава.
Жашыруун добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
15-глава
Айылдык аймактык кеңештин финансы-чарбалык иш-аракети жана мүлкү
16-глава
Айылдык аймактык кеңештин ыйгарым укуктарын токтотуу
Басылып даярдалды:- 3-нускада
1 нускасы облустук юстиция башкармалыгына.
2 нускасы айылдык аймактык кеңешке
I – БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава.
Миң-Булак айылдык аймагынын VII чакырылышындагы депутаттардын айылдык кеңеши:
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык депутаттардын айылдык кеңеши айылдын өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү төрт жыл.
Айылдык кеңеш өзүнүн ишин КР Конституциясына, КР Мыйзамына, КР Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик-укутук актыларына жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
Айылдык кеңештин Регламенти айылдык кеңештердин ишин уюштуруу тартиби, алардын укуктук жана уюштуруучу негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын, сессияларды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
Айылдык кеңештин сессиясы кварталында кеминде бир жолу жана жалпы депутаттардын 1/3 талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдын аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар, менчик формасына карабастан айылдык кеңештин токтомдорун аткарууга милдеттүү.
Айылдык кеңештин токтомдору Кыргыз Рсепубликасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
2-глава.
Айылдык аймактык кеңештин компетенциясы
2.1 Айылдык кеңеш «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-статьясына ылайык төмөндөгү маселелер боюнча токтомдорду карайт жана кабыл алат.
1). Айылдын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн сратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, айыл аймагында айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2). Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле атайын фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3). Талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4). Айыл аймагындагы иштердин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын жылына бирден кем эмес угуу;
5). Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6). Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
7). Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8). Жергиликтүү бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында айыл аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды туруктуу комиссиялардын катышуусу менен иштеп чыгуу;
9). Айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо алардын жогорку же атайын билимин, жетекчилик иш тажырыйбасын эске алып, аларды кызмат ордунан бошотуу, айылдык кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10). Айылдык кеңештин регламентин кабыл алуу;
11). Айылдык кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12). Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде айылдык кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13). Мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы оюн-зоок объектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14). Айылдык маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15). Айылдык маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-
чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16). Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъектер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу бекитүү;
17). Айылдын символикасын бекитүү;
18). Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
II - БӨЛҮК
Айылдык аймактык кеңештин структурасы жана органдары
3-глава
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басары. Айылдык кеңештин төрагасы:
Айылдык кеңештин сессиясын депутаттардын көпчүлүгүнүн сунушун эске алып чакырат жана төрагалык кылат,токтомдорго, протоколдорго жана айылдык кеңештин башка документтерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.2 Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3 Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4 Айылдык кенештин регламентинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.5 Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерлигин шайлоо тууралуу сунушту киргизет.
3.6 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кеңештин компетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
3.7 Айылдык кеңештин жаңы чакырылышындагы биринчи жаңы сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткарат.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
3.8 Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин төрагасынын милдетин, ал жок учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт жана аткарат.
4-глава
Айылдык аймактык кенештин жооптуу катчысы
Жооптуу катчы:
4.1 Депутаттарды алар өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4.2 Айылдык кеңештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.3 Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин камсыздайт.
4.4 Айылдык кеңешке тушүүчү документтердин эсебин алат жана аткарылышын көзөмөлгө алат.
4.5 Айылдык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана алардын айылдык кеңештин депутаттарына чейин жеткирүүсүнө көзөмөл кылат.
4.6 Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекичилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук өкүлдөрүн жана башка адамдарды сессия ишине катышууга чакырууну уюштурат.
4.7 Айылдык кеңештин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жүргүзөт.
5-глава
Айылдык аймактык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1 Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзөт.
5.2 Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү маселелерди алдын ала карайт жана даярдап сессиянын күн тартибине алып чыгат. Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес отурум өткөрөт жана чечим кабыл алат.
5.3 Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүндө айылдык кеңеш тарабынан түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат. Айылдык кеңештин депутаты бир нече туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
5.4 Айылдык кеңеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактылуу комиссияларды түзө алат.
5.5 Убактылуу комиссиялар көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырмаларды аткарышы боюнча
жыйынтыктары жөнүндө айылдык кеңешке отчет берет.
5.6 Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялар өз ишмердүүлүгүн токтотот.
Ш - БӨЛҮК
Айылдык аймактык кенештин жалпы иш тартиби
6-глава
Айылдык аймактык кенештин биринчи уюштуруу сессиясы
6.1 Кайрадан шайланган айылдык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясы айылдык кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен мурдагы чакырылыштагы айылдык кеңештин төрагасы же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясын кайрадан шайланган айылдык кеңештин курагы боюнча аксакал депутаты ачат.
6.2 Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан үчтөн экиси катышканда ишти алып барууга укуктуу.
6.3 Айылдык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясынын күн тартибине айылдык кеңештин Регламенти, төрагасын анын коомдук башталыштагы орун басарын шайлоо меселеси, айылдык кеңештин жана структураны түзүү жана айылдык кеңештин ишине байланышкан башка маанилүү меселелер коюлат.
6.4 Айылдык кеңештин төрагалыгына талапкер көрсөтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык каралат.
7-глава
Сессиянын күн тартиби жана айылдык аймактык кенештин ишин пландаштыруу
7.1 Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар талкуулайт жана бекитет. Ошол күнгө айылдык кеңештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун тартибин камтууга тийиш.
7.2 Депутат тарабынан сунушталып киргизилген сессиянын күн тартибине өзгөрүүлөр жана толуктоолор тууралу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана көпчүлүк добуш менен бекитилет. Айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте, айылдык кеңештин төрагасы даярдаган айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3 Айылдык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Айылдык кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону айылдык кеңеш жүргүзөт.
Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары, айыл өкмөтүнүн башчысы кенештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ. Айылдык кеңештин бекитилген иш планына маселерди аныктоону өзгөртүү, жаны маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу айылдык кеңештин сессиясынын токтому менен таризделет.
8-глава
Айылдык аймактык кеңештин сессиясына маселелерди даярдоонун жана карап чыгуунун тартиби
8.1 Ушул регламентте белгиленген тартипте айылдык кеңештин кароосуна коюла турган документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- докладчыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат.
Эгерде документ айылдык кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн
даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
- айылдык кеңештин токтомунун долбоору.
Эгерде айылдык кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсүн же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары көрсөтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2 Токтом долбоору каралганда айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин, талкуулоого катышуу үчүн чакырылган адамдардын сунуштары жана сын-пикирлери угулат. Айылдык жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттүү тартипте айыл өкмөтүнүн башчысынын кортундусу угулат.
8.3 Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) жалпысынан токтом кабыл алынсын;
б) жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
в) күн тартибинен алынып салынсын.
8.4 Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
1) мөөнөтү айкындалат, колдонууга киргизүү ыкмасы жана пункттарын аткаруу жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын тапшырмалар берилет, чеемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүнүн мөөнөтү аныкталат.
8.5 Айылдык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын көзөмөлдөөчү адам көрсөтүлөт. Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук денгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу көзөмөлдөө максаты болуп саналат. Токтомдун же чечимдин тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же айылдык кенештин структуралык түзүмү, ошондой эле эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
8.6 Көзөмөл жасоо боюнча отчеттуулук мөөнөтү же токтомдун өзүндө же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
8.7 Айылдык кеңеш депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын өтө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессиянын өтө турган жери жөнүндө аны өткөрүүгө 5 күн калгандан кечиктирбестен маалымдайт. Айылдык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалык кылуучу кызматы боюнча айылдык кеңештин төрагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда, сессияда төраганын орун басары же болбосо айылдык кеңештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө билдирилбеген) төрагалык кылат.
8.8 Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу айылдык кеңештин төрагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
8.9 Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө депутаттардын сунушу, каралуучу маселелер көрсөтүлүп жана кезексиз сессияны өткөрүүнүн зарылчылыгы негизделүү менен кеңештин төрагасына берилет.
8.10 Сессияга материалдарды даярдоо айылдык кеңештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11 Кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, маалымат-кат, кайрылуулар ж.б.) сессия өткөргөн күнгө чейин 7 күндөн кечиктирилбестен айылдык кеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.12 Айылдык кеңеш жылына кеминде бир жолу тийиштүү аймактагы иштин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угат.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматынын тексти айылдык кеңештин отрумунда аны карап чыгууга 10 күн калгандан кечиктирбестен айылдык кеңешке киргизилет.
8.13 Айыл өкмөтүнүн башчысына өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишеним билдирбөө жөнүндө чечим айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8.14 Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан киргизилген айылдык бюджет жана аны
аткаруу жөнүндө отчет, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программалары айылдык кеңеш тарабынан карап чыгууга жатат жана айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын тен жарымынан ашыгы ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.15 Алдыдагы финансылык жылга айылдык бюджетти кабыл алуу процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9-глава
Айылдык аймактык кеңештин токтом долбоорлорун карап чыгуунун тартиби
9.1 Айылдык кеңештин токтомдору депутаттар тарабынан талкуулангандан кийин сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат.
9.2 Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү тууралуу, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомдорду өзгөртүүлөр тууралуу, токтом көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
9.3 Айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча токтом кабыл алынат жана ага айылдык кеңештин төрагасы кол коет.
9.4 Депутаттын билдирүүсү же анын жазуу же оозеки түрүндө билдирилген макулдугу токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5 Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
10-глава
Айылдык аймактык кеңештин сессиясынын жумушчу органы
10.1 Айылдык кеңештин сессиясын уюштуруу иштерин тутумдаштуруу максатында жумушчу органды – секретариатты, зарылчылык болгондо, эсептөө жана башка комиссияларды түзөт. Жумушчу орган – сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен бекитилет.
10.2 Сессиянын секретариаты айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте сессиянын жүрүшүнүн стенограммасын алып барат, чыгып сүйлөгөндөрдү тактайт, регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
10.3 Секретариат айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте сессиянын протоколун тариздейт. Айылдык кеңештин отрумунун протоколунда: отрумду өткөрүү күнү, убактысы жана орду, отурумга катышкан депутаттардын саны, сессиянын күн тартибинде коюлган маселелер, ошол отурум үчүн депутаттардын арасына таратылган документтердин аталышы жана редакциясы, сессияда төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү, добушка коюлган бардык маселелер менен сунуштар, добуш берүүнүн натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып көрсөтүлөт. Протоколго сессиянын отрумунда төрагалык кылуучу кол коет жана алардан жазып алууларды тариздөө, айылдык кеңештин жооптуу катчысынын уруксаты менен, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт. Көчүрмөсүн алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналда катталат.
10.4 Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы менен таанышууга жана аны жарыялаганга чейин стенограмманынын көчүрмөсүн алууга укуктуу.
11-глава
Айылдык аймактык кеңештин депутатынын сессия учурунда укуктары жана милдеттери
11.1 Айылдык кеңештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы мүмкүн, ошондой эле ошол органга өз талапкерлерин көрсөтүшү мүмкүн.
Депутаттардын көрсөтүлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана башка Мыйзам актыларынын ошондой эле типтүү айылдык кеңештин Регламентине ылайык ишке ашат.
12-глава
Коомдук угуулар
12.1 Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары, айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары өзүнүн алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү демилгелеши мүмкүн. Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практакаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.
IV - БӨЛҮК
Айылдык аймактык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоону уюштуруунун жол-жобосу жана тартиби.
13-глава
Айылдык аймактык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоонун тартиби
13.1 Айылдык кеңештин төрагасы жогорку билимдүү, жетекчилик иш тажырыйбасы эске алынып депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен көпчүлүк фракциялардын же көпчүлүк коалициясы аркылуу айылдык кеңештин депутаттардын ичинен алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен ошол кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.2 Көрсөтүлгөн талапкер өз талапкерлигин алып коюуга укуктуу.
13.3 Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
13.4 Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда жогорку же атайын орто билимин жана жетекчилик иш тажырыйбасын эске алып депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет. Төраганын орун басары ачык добуш менен шайланат.
13.5 Айылдык кенештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
13.6 Айылдык кеңештин коомдук башталгычтагы орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
13.7 Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
14-глава
Жашыруун добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
14.1 Айылдык кеңештин биринчи уюштуруу сессиясында жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн 3-5 депутат санында эсептөө комиссиясы түзүлөт.
14.2 Эсептөө комиссиясы өзүнүн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү бекитет). Жабык добуш берүү үчүн бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
14.3 Добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн эсептөө комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарынын сакталышын камсыз кылат жана айылдык кеңештин аппаратына өткөрүп берет.
14.4 Айылдык кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн натыйжасы добуш берүүчүнүн бюллетендерди эсептеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
14.5 Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын баштапкы күбөлүктөрүнүн негизинде аты-жөнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалымат киргизүүгө жол бербейт.
14.6 Ар бир талапкер боюнча «Макул», «Каршы», «Жараксыз бюллетень» бюллетендерди эсептөө комиссиясы жыйынтыктайт, протокол менен бекемдейт жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна алып чыгат.
14.7 Добуштардын алда канча көп санын алган айылдык кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкер төрт жылдык мөөнөткө айылдык кеңештин төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
14.8 Төраганын орун басары кызматына талапкерлер ачык добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүлөрдү өткөрүү жана натыйжасын эсептеп чыгарууну эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
14.9 Сессияда катышкан депутаттардын алда канча көп добуштарынын санын алган талапкер айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлык кызматына шайланат.
15-глава
Айылдык аймактык кеңештин финансы-чарбалык иш-аракети жана мүлкү
15.1 Айылдык кеңештин мүлкү оперативдик башкаруу укугуна берилген жана төмөндөгүлөрдөн түзүлөт:
- Оперативдик башкаруу укугуна берилген мүлктөрдөн;
- Бюджеттик каражатынын негизинде ээ болгон, ошону менен катар чарбачылык иш аракеттерден түшкөн кирешенин эсебинен алынган мүлктөрдөн;
- Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен түшкөн каражаттар жана башка кирешелерден;
- Кошумча төлөм кызматын көрсөтүү боюнча иш-аракетинен түшкөн кирешелерден;
- Кредиттер, гранттар ж.б. заемдук каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка негиздерде ээ болгон мүлктөрдөн.
16-глава
Айылдык аймактык кенештин ыйгарым укуктарын токтотуу
16.1 Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздеринде токтотулат.