Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 38/156
Кызыл-Кыя шаарынын 2017-2018-жылдарга шаардын жергиликтүү бюджетинин долбоорлорунун божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2017-2018-жылдарга шаардын жергиликтүү бюджетинин долбоорлорун божомолун бекитүү жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга шаардын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыныгы минималдуу керектөөсү бюджеттик мекемелердин берген долбоорунун негизинде 174389,6 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасынын долбоору 156733,2 миң сом өлчөмүндө жактырылып, жетишсиздик 17656,4 мин сом эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын 2018-жылга шаардын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыныгы минималдуу керектөөсү бюджеттик мекемелердин берген долбоорунун негизинде 182138,5 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасынын долбоору 168876,2 миң сом өлчөмүндө жактырылып, жетишсиздик 13262,3 миң сом эске алынсын.
3. 2017-2018-жылдарга шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. 2017-2018-жылга шаардык жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык аныкталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |
| № 1-тиркеме |
Элемент (8) | Жергиликтүү бюджет | 2017-жыл | 2018-жыл |
Салыктардын аталышы | |||
Баардыгы: | 156733,2 | 168876,2 | |
Кирешелер+активдер жана милдеттемелер (жер сатуу) |
| ||
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 40262,0 | 46704,0 |
11111200 | Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
| |
11121100 | Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык | 754,0 | 856,0 |
11122100 | Милдеттуу патенттин негизинде салык | 2422,0 | 2751,0 |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 28230,0 | 28230,0 |
11123100 | Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салык |
| |
11311100 | Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 12,0 | 12,0 |
11311200 | 2 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 990,0 | 990,0 |
11311300 | 3 - топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 30,0 | 30,0 |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык |
| |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 5860,0 | 5860,0 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 900,0 | 900,0 |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 400,2 | 400,2 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 5060,0 | 5060,0 |
11412100 | Сатуудан салык | 47357,0 | 52627,0 |
11442 | Роялти | 25,0 | 25,0 |
1161 | Дагы башка салыктар жана жыйымдар |
| |
14151100 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн салык |
| |
14152110 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 1550,0 | 1550,0 |
14152200 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 450,0 | 450,0 |
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы | 2226,0 | 2226,0 |
14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 205,0 | 205,0 |
14221800 | Авто транспорт токтотуу үчүн жыйым | 600,0 | 600,0 |
14222200 | Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым | 1900,0 | 1900,0 |
| Акы толонуучу кызмат корсотуудон тушуулор | 15500,0 | 15500,0 |
14311100 | Административдик айыптар |
| |
14511200 | Дагы башка салыктык эмес кирешелер |
| |
31111110 | Батирлерди сатуу |
| |
31112190 | Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу | 2000,0 | 2000,0 |
314121 | Айыл -чарбасына жараксыз жерлер |
| |
| Трансферттер (гранттар) |
|
|
| № 2-тиркеме |
Кызыл-Кыя шаарынын 2017-2018-жылдарга шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн долбоору.миң сом.
Мазмуну | 2017-жыл | 2018-жыл |
Чыгашалар |
|
|
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү | 28262,3 | 29359,9 |
- анын ичинде –Резервдик фонд | 1500,0 | 1600,0 |
Коргонуу | 1000,4 | 1000,4 |
Коомдук тартипти сактоо |
|
|
Билим берүү | 32991,4 | 34469,5 |
Социалдык камсыздоо | 6091,5 | 7371,8 |
Турак жай чарбасы | 82124,4 | 85871,3 |
Маданият | 10919,6 | 11065,6 |
- анын ичинде – Дене тарбия |
|
|
Башка чыгымдар | 13000,0 | 13000,0 |
Чыгашалардын жыйынтыгы: | 174389,6 | 182138,5 |