Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 127
Токтогул шаарында катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү үчүн бекитилген тарифти төлөөдө айрым категориядагы үй-бүлөлөргө жеңилдиктерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, шаар Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин сунушу “Калктын социалдык абалы, даректүү жардам жана жумушсуздук, экология” жана “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен жыйналышынында кароого алынган.
Туруктуу комиссиялардын кортундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиялардын корутундусунун жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылдын 01-июлунан баштап төмөндөгү категориядагы үй-бүлөлөргө жана анын мүчөлөрүнө катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү үчүн ай сайын төлөнүүчү тарифтик төлөмдөн 50% жеңилдик берилсин:
· I топтогу майыптыгы бар үй бүлөлөргө;
· туберкуллез менен ооругандардын үй бүлөлөрүнө;
· ата-энесинен ажыраган, мектеп жашындагы балдар (тоголок жетим) жашаган үй-бүлөлөргө;
· ЧАЭС апаатын жоюуга катышкандардын үй-бүлөлөрүнө;
· Афган согушунун, Баткен окуясынын катышуучуларынын үй бүлөлөрүнө;
· Аз камсыз болгон, көп балалуу үй бүлөлөргө (тиркемеге ылайык);
3. Жеңилдик алуучу үй бүлөлөр боюнча маалымат ар бир жылдын башында тактоого алынып, бюджеттик пландоого киргизилсин.
4. Катуу тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү боюнча жашоочулар менен келишим түзүүдө, “Ыңгайлуу шарт муниципалдык ишканасы жеңилдик берилген үй-бүлөлөрдү эске алсын.
5. Ушул токтомдун 2 пунктунда көрсөтүлгөн үй бүлөдөгү жашоочулардын санына жараша аныкталган акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын эсебине ар бир квартал сайын которулуп берилип турсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 25.07.2017-жылдагы кезектеги XXVIII сессиясынын № 127 токтомуна тиркеме |
Токтогул шаарындагы калктын аярлуу катмарына катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн акы төлөөгө 50% жеңилдик берүү жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү каражат боюнча эсептөөлөрү (6 айга).
1.I топтун майыптары -105х4= 420 адам;
2.Туберкуллез менен ооругандар -37 х 3= 111 адам;
3.ЧАЭС апаатын жоюга катышкандар - 13 х 5= 65 адам;
4.Афган согушунун катышуучулары -18 х 6 = 108 адам;
5.Баткен окуясынын катышуучулары -5 х 5 = 25 адам;
6.Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр -68 х 7= 476 адам;
7.Тоголок жетим балдар -13х 3= 39 адам
Жалпы : 1244 адамга х 5 сом х 6 айга = 37230 сом акча каражаты керектелет (259 адам жеңилдик алуучу үй-бүлөөсү менен 1244 атуул).